super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Баткенде 300гө чукул адам катышкан жумуртка уруштуруу оюну өттү" дейт окурман

 

Баткенде 300гө чукул адам катышкан жумуртка уруштуруу оюну өттү. Мындай маалыматты "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кабарлады.

"Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Жыгач айылында жумуртка майрамы өттү. Ага кары-жашы дебей 300гө чукул адам катышты. Бүгүн жамгыр жааганына байланыштуу адам аз келип калды, мурда мындан да көп келчү. Менин билишимче, бул майрам биздин айылда жана Ош облусунун бир гана районунда өтөт экен. Бизде СССРдин убагынан бери өткөрүлүп келет.

Оюндун эрежеси боюнча эки адам сууга бышырылган жумурткаларды уруштурушуп, кимдики сынып калса, ал уткан адамга жумурткасын берет. Бүгүн айрым адамдар оюндун жыйынтыгы менен 100дөн ашык жумурткаларды утуп алганын көрдүм", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
01.05.2018. 19:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
264
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 13:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
позитивный жакшы жанылыктырды да ушинтип чыгарып тургулачы
01.05.2018. 19:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
07-10-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:48
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жумуртка бойоп, кыргызча пасха го десе
01.05.2018. 19:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
24-11-2016
Соӊку аракети:
27-08-2018 23:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жылыга ойношот*)
01.05.2018. 20:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
344
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде да Баткен районунун Кара-Бак айылдык паркында 8-март.21-март.1-май.9-майда тукум уруштурмай салтыбыз бар.силер менен серенования уйуштурсак болчудай
01.05.2018. 20:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
454
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Кыргызстан
0
Укмушко
01.05.2018. 20:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
27-03-2018
Соӊку аракети:
22-07-2018 21:23
Жынысы:
Белгисиз
-6
обу жоктор
01.05.2018. 20:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
469
Катталган:
26-02-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 01:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
-6
Ха ха укмуш тимеле
01.05.2018. 21:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
151
Катталган:
13-04-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 04:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы оюн экен кр.да дайым ушуга окшош оюндар болуп турса жакшы болот эле.
01.05.2018. 21:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
264
Катталган:
06-03-2017
Соӊку аракети:
17-09-2018 22:11
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата бабадан келген кыргыздын жакшынакай нарк насилдүү оюн зооктору бар ошолорду өздөштүрүп ошолорду ойногулачы айланайындар кайдагы жөрөлгөнү баштабай. Тамак аш менен ойнобойт. Аллах Таала куранда "Ичкиле жегиле ысрап кылбагыла" дейт. Пайгамбырыбыз (сав) айткан "Ким мусулмандардан башканы ээрчисе, өзүн ошолорго окшотсо, ал ошолордон" деп. Андыктан Баткендик аяш авалар мындай жаман салтыңарды таштагыла башкаларга жаңылык кылбай.
01.05.2018. 21:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
22-05-2012
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир эле силердин айылынардаэмес, ошол эле райондун Тамаша айылында да узулбой болуп келет.
01.05.2018. 22:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:25
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыпалак баатырдын жумурткасы баарын утмак, пл барбаптыр да.
01.05.2018. 22:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
03-07-2018 13:36
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз мурда кичинекей кезибизде кумдан жасап ойночу элек жумуртка уруштурмайды биринчи жолу угуп жатам
01.05.2018. 23:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:38
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бири бирине уруп ойнойт экен депмин
01.05.2018. 23:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
04-09-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 17:26
Жынысы:
Белгисиз
+3
Paprikafm,менда ошентип ойлопмун.
02.05.2018. 01:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
30-10-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 14:03
Жынысы:
Белгисиз
+3
Темасын окуп эле, элдер чогулуп чийки жумурткалар мн бири-бирин бомбалайт экен деп элестетипмин. Кайсы бир олкодо помидор мн ургулашат го ошондой элестетип. Жумуртка майрамы дегенди биринчи угушум, и кыргыздар майрамдаарын билбепмин.
02.05.2018. 10:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
498
Катталган:
30-11-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 02:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Бу аяш авалар жылыга ойношоттор турвайвы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: