super.kg logo

Бразилияда 26 кабаттуу үй күйүп жаткан учурда урап түштү

 

Кечээ, 1-майда Бразилиянын Сан-Паулу шаарында 26 кабаттуу үйдөн өрт чыгып, ал өрттөнүп жаткан учурда урап түштү. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, тилсиз жоо 1-майга караган түнү саат 1:30 чамаларында үйдүн бешинчи кабатынан чыккан. Куткаруучулар өрт күчөп кеткенге чейин анда жашаган 250 адамды куткарып калууга жетишсе, үч адам дайынсыз болууда. Ал эми бир тургун балкон аркылуу коңшу имаратка өтүүгө аракет кылып жаткан учурда жерге кулап кетип каза болгону кабарланды.

Айрым маалыматтарга караганда, өрт көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде жашаган жубайлардын ортосундагы уруштан улам келип чыккан. Аялы күйөөсүн кечки тамак даярдап жатканда түртүп жиберген. Анын кийимдери күйүп жаткан отко тийип, андан кийин тилсиз жоо күчөп кеткен. Өрттү өчүрө албай калышканда керектүү кийимдерин жана документтерин алып сыртка качып кетишкен.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 57 техника жана 160 өрт өчүрүүчү тартылып, өз иштерин аткарып жаткан учурда күйүп жаткан үй күтүүсүздөн урап түшкөн. Учурда куткаруучулар урандыларды тазалоо жана дайынсыз болуп жаткан адамдарды издөө иштерин аткарышууда.



Бразилияда үй бүлөдөгү уруштан улам 26 кабаттуу үй өрттөндү

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.05.2018. 09:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
03-08-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 22:23
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир кун уруш болсо, 40кун береке качат, 40кун уруш болсо бир кырсык болот
02.05.2018. 10:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
501
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
20-09-2018 06:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жолдошумдун айылы.
+6
Pamirlan,Бир тартипсиз аялдын
айынан 26 кабат уй урап,канчалаган
адамдар уйсуз калган тура.Аллахым сактасын ушундай тилсиз жоодон,боодо кырсыктан!!!
Super TV
05.05.2018. 04:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-03-2017
Соӊку аракети:
09-05-2018 23:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй ортолду болот. ортонгудой уйдун жаны бар беле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: