Кулагы укпаган жана сүйлөй албаган сингапурлук жаран куштардын тилин үйрөндү

Кулагы укпаган жана сүйлөй албаган сингапурлук жаран куштардын тилин үйрөндү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 48 жаштагы Разали Бин Мохамад Хабидиндин кулагы кичинекей кезинде оорудан улам укпай калган. Бирок бул жагдай ага өзү иштеген жердеги тоту куш жана ар кандай куштардын тилин табууга тоскоол болгон эмес. Ал мындан 20 жыл мурун зоопаркка ишке кирген.

"Адамдар дайыма эле менин тилимди түшүнө бербейт. Ал эми куштар менин тилимди, мен алардын тилин мыкты түшүнөбүз", - деп билдирген Хабидин.

Белгилүү болгондой, Хабидин тоту кушту карап көрүп эле ага эмне керек экенин түшүнө алат. Куштар менен баарлашуу үчүн атайын өзгөчө тил ойлоп тапкан. Тоту куштар ар кандай үндөрдөн жана кол жаңсоолордон турган тилди мыкты түшүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан