super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 3-МАЙ: Бир күндүк тартылуу ишине 10 миң доллар алган орусиялык актёр Данила Козловский 33 жашка толду

 

"Чырактары сынган көчөлөр. Менттер-5", "Духless", "Легенда №17" жана башка бир нече тасмаларда роль жараткан актёр, Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, Москва мамлекеттик маданият институтунун профессору Данила Козловский 33 жашка толду.


Данила Козловский толук кандуу үй-бүлөдө чоңойгон эмес. Атасы каза болуп калганда келечектеги актёрду жана анын 2 бир тууганын багып-чоңойтуу милдети апасына жүктөлөт. Актёр бала кезинде тентектигинин айынан бир нече мектептен айдалып, балет лицейинен да келечеги жок деген жүйө менен четтетилген.

13 жашында аяш энесинин сунушу менен "Жөнөкөй чындыктар" ("Простые истины") сериалында өспүрүмдүн ролун ойноп, актёрдук тушоосу кесилет. Кийин атактуу режиссёр Алексей Германдын көзүнө түшүп, карьерасында чоң бурулуш башталат. Аталган режиссёрдун "Гарпастум" тасмасында Козловский башкы каармандын ролун жакшы жаратканы үчүн Венеция кинофестивалында "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамына арзыйт.

2009-жылы Фёдор Бондарчуктун "Духless" тасмасында акчасын жыргал жашоого короткон топ-менеджер Максимдин ролун ойнойт. Көптү үмүттөндүргөн актёр экенин далилдеген Данила Козловскийге Голливуд жол ачып, 2014-жылы америкалык "Кан соргучтар академиясы" фильмине тартылган. Продюсерлер орусиялык актёрду бекеринен тандашкан эмес. Себеби тасмадагы баш каарман Дмитрий Сибирде төрөлүп, орусча акцент менен сүйлөчү.
Санкт-Петербургдагы театралдык окуу жайда окуп жүргөндө Даниланын көзү Лиза Боярскаяга түшүп, жаштар кыз-жигит болуп сүйлөшө башташкан. Бирок кыздын атасы актёр, ырчы Михаил Боярский бул мамилеге каршы чыгып, “Данила бутуна тура элек” деп сүйлөштүрбөй койгону айтылып келет.

2008-жылы Данила актриса Уршула Малкага үйлөнгөнү маалым болот. Бирок достору “Данила Лизага көрүнүш үчүн эле үйлөндү” деп айтып чыгышат. Бирок 3 жылдан кийин Данила менен Уршула ажырашып кетет. “Мен үчүн жубай эч качан мурунку болбойт. Уршула жашоомдун акырына чейин жакын адамым бойдон калат. Ал жашоодо сейрек кездешкен чыныгы аял. Ажырашкандан кийин да бири-бирибизге болгон жылуу мамилени сактап калдык. Бат-баттан чалышып, кезигип турабыз”, - деп маектеринде Уршулага чаң жугузбайт.
Бул никеден кийин актрисалар Анна Чиповская, Юлия Снигирь, модель Ольга Зуева менен мамиле курганы маалым. “Көптөн бери самап жүргөн унаанын өңүн, түзүлүшүн сүрөттөсө болот. Бирок кыялымдагы кызды сүрөттөп берүү кыйын. Эң башкысы, ал кызда өзгөчөлүк болушу керек”, - дейт ал.

Актёр тууралуу кызыктар:

  • Орусиядагы “GQ” журналынын версиясы боюнча 2013-жылы “Жыл адамы” наамын алган.
  • Саякаттаганды, лыжа тепкенди жактырат.
  • Биринчи гонорарына 1000 доллар алып, ага саксофон сатып алган.
  • “Легенда №17” тасмасына тартылуу үчүн тамеки чеккенди таштаган.
  • Бир күндүк тартылуу ишине 10 миң доллар алат. Алгачкы гонорарына саксафон сатып алган.
  • Актёр кайрымдуулук иштерин байма-бай өткөрүп келет.
  • Киносынчылар азыркы муундун эң мыкты актёру деп Данила Козловскийди аташат.
  • Мүнөзү чорт. Бир нерсе жакпай калса дароо эле басып кетмей жайы бар. Мисалы, журналисттин суроосу жакпай калса кабагын бүркөп отуруп алат же ордунан туруп кетет.
  • Учурда "көз күйдүргөн бойдоктордун" катарында.
  • 2017-жылдын март айында Данила Козловский футбол боюнча Дүйнө чемпиону - 2018дин расмий элчиси болуп дайындалган.

3-майга карата жылнаама.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.05.2018. 18:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 14:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйөөм гоо. Красаффчииик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117643;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: