Бишкекте Советтер союзунун баатыры Иван Панфиловдун элесине арналган грек-рим боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкек шаарында Советтер союзунун баатыры Иван Панфиловдун элесине арналган грек-рим боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 8-9-май аралыгында орун ала турган мелдеште өлкө аймагынан жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген спортчулар катышмакчы.

Спортчулар 10 салмактык категорияда күч сынашып, жеңүүчүлөрдү аныктайт. Балбандар 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97 жана 130 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан