"ИНГОССТРАХ" - 22 жылдан бери кардарлардын келечеги үчүн туруктуу иш жүргүзүп келет

"Кыргызинстрах" компаниясы 1996-жылы негизделген. Ушул жылдын 31-январында камсыздандыруу компаниясы аталышын “Ингосстрах” деп өзгөрткөн. Компаниянын аталышы эмне себептен өзгөртүлдү жана келечекте камсыздандыруучулардан эмнелерди күтсө болорун компания жетекчиси Динара Тезекбаева SUPER.KG порталына айтып берди.

- Компаниянын аталышын өзгөртүүгө эмне себеп болду?

- Биздин компания орусиялык "Ингосстрах" ачык акционердик коомунун бир бөлүгү болуп саналат. ИНГОССТРАХ брендин таанытуу максатында бардык камсыздандыруу филиалдарын бирдей аталышка өзгөртүү иштери жүрүп жатат. Биздин компания Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 22 жылдан бери иш жүргүзүп келет жана "ИНГО" эл аралык тобуна кирет. Бул топтун курамында 12 ири компания жана КМШ өлкөлөрүндөгү филиалдар бар. Эл аралык топтун жалпы бюджети 1 миллиард доллардан ашуун каражатты түзөт. Кыргызстанда "Ингосстрах" компаниясынын жалпы бюджети 240 миллион сомду түзүп, анын ичинде уставдык капитал 160 миллион сомду түзөт.

- Кыргыз жергесинде "Ингосстрахтын” иш алып баруусу өзгөрөбү?

- Албетте, кардиналдуу өзгөрүүлөр болбойт. Биз ишмердүүлүгүбүздүн алгачкы жылдарынан тарта кардарларыбыздын келечеги үчүн тажрыйбалуу иш жүргүзүп келебиз. Биздин ишмердүүлүгүбүздү Кыргыз мамлекетинин органдары гана көзөмөлгө албайт. Акционерлер - камсыздандыруу бизнесинде жаңылардан эмес. Алар бул чөйрөнүн иш алып баруусун жакшы билишет. Ошондуктан биз үчүн атайын жазылган так эрежелер бар. Ал эми алдыда боло турчу өзгөрүүлөргө токтолсок, "ИНГО" тобу жаңычылдык киргизип, жаңы тартип менен иштей баштаса, ал нерсени Кыргыз жергесиндеги филиалы да колдонот.

- Сиздердин компания кандай жетишкендиктерин баса белгилеп айта алат?

- Кыргыз өлкөсүндө "Ингосстрах" компаниясында өз ишин мыкты билген адистердин командасы жаңы өндүрүштөрдү жайылтуу менен бирге сөзсүз камсыздандырып турат. Акыркы 10 жыл ичинде Кыргыз мамлекетиндеги мыкты компаниялардын катарын толуктап келебиз. 2012-жылдан бери лидерлер үчтүгүндө келатабыз. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча, "Ингосстрах" компаниясы камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу боюнча (414,6 миллион сом) биринчи орунду, ал эми камсыздандырууну кайра төлөп берүү боюнча (27,8 миллион сом) экинчи орунду ээледи. Бизде камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруунун 50дөн ашуун түрлөрү бар.

- Кыргыз жергесинде көбүнчө эмнелерди камсыздандырышат?

- Тилекке каршы, СССР доорунан бери камсыздандыруу деген түшүнүк элибизде жоголуп кеткен. Бүгүнкү күндө камсыздандыруунун жеке түрүнө талап жокко эсе. Ошондуктан камсыздандыруу ишмердүүлүгү негизги корпоративдүү сектордо турат. Эл камсыздандырууну кантип пайдалануунун жол-жоболорун билбейт. Алар камсыздандыруучу жагдайда акчалай жардам алганда гана камсыздандыруу эмне экенин түшүнүп жатышат. Жеке түрдөгү камсыздандыруу көбүнчө коммерциялык банктардын күрөөгө коюлган мүлктөрүн камсыздандыргыла деген талабы болгондо, чет өлкөгө чыгып жатканда же милдеттүү түрдө медициналык полисти камсыздандыруу учурларда гана кездешет.

- Кыргыз өкмөтү 2018-жылдын 1-сентябрынан тарта унааларды сөзсүз камсыздандыруу мыйзамын киргизүүнү сунуштап жатат. Автосүйүүчүлөргө "Ингосстрах" кандай кызматтарды сунуштай алат?

- Унааларды сөзсүз камсыздандыруу мыйзамынын шарттары жана тарифтери бардык катышуучулары үчүн бирдей. Аларга милдеттүү түрдө камсыздандырууга тийиш компаниялар жана субъекттер кирет. Биз унааларды сөзсүз камсыздандыруу мыйзамынын талаптарын аткарууга толугу менен даярбыз. Бүгүнкү күндө биздин ишканалар Бишкек шаарында, Ош жана Ысык-Көл облустарында иштеп жатат. Аталган мыйзам киргизилгенден кийин өлкөнүн бардык аймактарында кеңселерибиз жана сатуу бөлүмдөрүбүз ачылат. Биздин компания мыйзамдын талаптарынан сырткары кардарларга башка кызматтарды да сунуштай алат.

- Ар бир унаа айдаган жаран милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алат. Сиз адис катары Кыргыз өлкөсүнүн тургундарына кандай мүлктөрдү камсыздандырууга кеңеш бересиз?

- Дүйнөлүк практика көрсөтүп тургандай камсыздандыруу - кардарлардын жеке мүлкүн коргоо болуп саналат. Жадакалса дене мүчөлөрүн да камсыздандырса болот. Адис катары кооптуу учурларда адамдын өмүрүн жана ден соолугун, жеке мүлкүн (батир, жер үй, эмеректер, автоунаа жана башка ушул сыяктуу) камсыздандыруунун жол-жобосу менен таанышып чыгуусун сунуштайм. Ошондой эле унааны милдеттүү түрдө камсыздандыруу убактысын өз каалоосу менен узартып алуу келишимине кол коюшун кеңеш берем.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ady-88
2018-05-05 17:33:01
Абдан жакшы жанылык.
+1
Muratmipa
2018-05-05 19:17:39
Канчалык эрте ишке кирсе элге женил болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан