Бишкекте жүрүп бара жаткан унаанын үстүнө бак кулап, 1 адам жабыркады. Мындай маалыматты "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман билдирди. "Кечээ, 4-майда саат 22:30дар чамасында Бишкек шаарынын Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүп бара жаткан унаанын үстүнө бак кулады. Бактын өзөгү чирип калыптыр. Унаанын ичинде болсо айдоочу жана бир окуучу кыз бар экен. Ал жерге "Тез жардам" кызматы чакырылып, окуучу кызды алып кетти", - дейт окурман
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.