Бүгүн, 5-майда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекетинин жарандарын Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
"Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктайм.
Мындан чейрек кылым мурда 1993-жылдын 5-майында эгемендүү Кыргыз мамлекетинин Баш мыйзамы кабыл алынганы мамлекетибиздин соңку тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калды.
Көз карандысыз Кыргыз мамлекетинин Баш мыйзамы – өлкөдөгү мыйзамдуулукту сактоонун башкы кепилдиги. Кыргыз өлкөсү – укуктук мамлекет. Биздин өлкөдө мыйзамдан улук, бийик жана ыйык эч нерсе жок. Өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоо карапайым жарандан тартып өлкө башчысына дейре бирдей болууга тийиш. Адам укугу, эркиндиги, кадыр-баркы жана адам баалуулуктары бекем сакталган мамлекеттин келечеги кең болот. Жарандардын конституциялык укуктарын коргоо мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдеттердин бири болууга тийиш.
Конституция күнү – жарандарыбыздын эркиндигинин, жаратман жана бейпил эмгектин, мамлекетибизди бекемдөөнүн, адилеттүү жана калыс коом куруунун майрамы. Бул күн бизди мыйзамды урматтоого, адам укуктарын баарынан бийик кастарлоого, келечек муун алдында зор жоопкерчиликти сезүүгө үндөп турат.
Майрамыңыздар менен! Кыргыз мамлекетибиздин келечеги кең болсун!" - деп айтылат куттуктоо сөзүндө.