super.kg logo

Астротөлгө: 7-май күнү төрөлгөн адамдар кандай болушат?

 

7-майда жарык дүйнөгө келгендер өтө акылдуу келип, философиялык негиздерди чыгаруунун үстүндө иштейт. Бул адамдар чыгармачылык үчүн төрөлгөн. Алардан мыкты сүрөтчү, мыкты артисттер чыгат. Эгерде чыгармачылык кесипти аркалабаса, анда сүрөт тартуу же ырдоо алардын хоббисине айланат.

Ушул күнү төрөлгөндөр башкалардын акыбалын сыртынан эле түшүнүү касиетине эгедер. 7 санынын алдында жарык дүйнөгө келгендер жумушуна өтө берилип иштейт. Мындан улам иши үчүн көптөгөн курмандыктарга барат. Байлыкка такыр кызыкпайт. Айланасындагы анча-мынчалар байкабаган кооздуктарды көрө билген адамдар. Табигый сулуулуктун "фанаттары" болушат.

Ушул күнү төрөлгөндөр койгон максатына жетиш үчүн кашык каны калганча күрөшөт. Сүйлөгөндө ток этер жерин чымчып айтат. Кыйытып айтылган сөздөрдү жактырбайт.
Ошондой эле 7-майда төрөлгөн букачарлар жалгыз иштегенди жактырып, кечелерге барбайт.
Жоопкерчиликтүү болгондуктан балдарынын билимдүү болушу үчүн көп кадамдарды жасайт. Аларга эч кандай чектөө койбойт.

Дал ушул күнү төрөлгөндөрдүн жан дүйнөсү назик болгондуктан эмоцияга бат алдырат. Андыктан жылдыздар эмоционалдык күч топтоону сунуштайт.



 
 Тектеш кабарлар 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.05.2018. 01:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1188
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 22:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
мисалы кимдер 7майда торолгон дуйно кыйындарынан?
07.05.2018. 01:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
365
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 08:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койгулачы кайдагын айтып силер эмне кудай болуп алдыңарбы?! Жараткандан башка эч ким билбейт ким эмне болоорун!
07.05.2018. 02:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
232
Катталган:
26-05-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 02:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Коз жаштарга ишенбеген шаар
-1
Жогоруда жазылган муноздордун бири да туура келбейт экен, тилеке каршы.


1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: