ЖЫЛНААМА, 7-МАЙ: Бүгүн 31 жашка толгон ырчы Азат Болотбек: "Туулган күнүмдү үй-бүлөм менен тосууну адатка айлантып алгам"

Бүгүн эстрада ырчысы Азат Болотбек 31 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.

"Туулган күнүмдү жыл сайын үй-бүлөм менен тосууну адат кылып алгам. 6-майдан 7-майга караган түнү ата-энем, бир туугандарым куттукташты. Бүгүн үй-бүлөлүк кече болот. Ал эми досторум менен башка күнү жаратылыш коюнуна барып эс алып келебиз", - дейт ал.

Азат Болотбек 1987-жылы 7-майда Бишкек шаарында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз Улуттук университетинде экономика багыты боюнча билим алган. Чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөн. Тагыраагы, апасы белгилүү акын Лариса Асанбекова, атасы Болотбек Шаршеналиев дагы акын болгон. Азат Болотбек кичине кезинде эле ырдап жүргөн. Ал эми чоң сахнага 18 жашында чыккан. Үй-бүлөдө 4 бир тууган.

"21-кылымдын жылдыздарынын", "Улуттук хит-параддын" лауреаты. Репертуарындагы "Арзыган жазы сен белең", "Звезда моя", "Просто друзья" жана башка ырлары менен эл оозуна алынган.

Учурда жеке ишкерлик менен алектенет. Үй-бүлөлүк абалы - бойдок.

7-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TazaKyrgyz
2018-05-07 14:22:26
Лариса Асанбекова Алтымыш Кадыровдун аялы беле(балким экинчи турмушубу)же мен алмаштырып жатамбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан