Милиция жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнүн тактоого жардам сурайт (абайлаңыз, сүрөт)

Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунун Ак-Муз көчөсүнөн азиат түспөлүндөгү аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жансыз дене 18-апрелде табылган. Аял киши болжол менен 30-35 жаш куракта. Бою 160-165 сантиметр. Арык чырай, чачы узун жана кара түстө. Көзү күрөң түстө.

Кийген кийимдери: кара түстөгү спорттук кийим, кара футболка жана бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим.

Өзгөчө белгилери: оозунда сары түстөгү металлдан жасалган төрт тиши бар.

Каза болгон адамды таанып, көргөн билгендер болсо, төмөндөгү телефон номерлери аркылуу байланышса болот.
Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмү: 0 312 54-41-84,
0550 102-486, 0500 102-486.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KOCMOC
2018-05-07 19:19:18
Токой жактан табылса керек да. Бомждар толтура ошол жакта(
-4
simone
2018-05-07 20:01:30
Жашы улуу эле аялго?!
0
HanTegin
2018-05-07 20:34:27
Адам олгондон кийин озгоруп кетет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан