КҮНСЕРЕП: Соттордун Ак Үйдөгү кураторуна суроо көбөйдү

Бүгүн, 8-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламент депутаттары Дастан Бекешев жана Алмазбек Баатырбеков кош жарандыгы бар экендиги аныкталган аткаминерлерди кылмыш жазасына тартууну сунуштап чыгышты. Эл өкүлдөрү өлкөнүн Жазык кодексине жаӊы 2 берене киргизүү керек дешет. Ага ылайык, эгер президенттикке же Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер атайын жалган же жасалма документтерин көрсөтүү менен барса, кош жарандыгын жашырса, 260-300 миң сом айып пул салынат же 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Сөз болуп жаткан 2-берене боюнча ушундай эле жаза сот кызматына, башка саясий кызматтарга бараткан талапкерлерге да тийиштүү. Буга чейин өзүнүн жарандыгы боюнча маалыматты жашыргандарга кылмыш жазасы каралган эмес эле.

Айта кетсек, Алмазбек Баатырбеков - быйыл Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалып, кош жарандыгы бар болуп чыккан Дамирбек Асылбек уулу 2 жыл депутат болуп отурган парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын лидери.

Сунушталган мыйзам жогорку кызматтарга кош жарандыгы бар адамдардын барышына биротоло бөгөт коёру күмөн. Авторлор мыйзам алдын ала эскертүүчү мүнөзгө ээ экенин, жогорку саясий кызматтарды, анын ичинде депутаттык корпусту "кош жарандыгы барлардан" коргоо механизми дале алсыздыгын, талапкердин башка өлкөнүн жараны же жалгыз эле Кыргыз жараны экендигин аныктоо баары бир азыркы баш аламан калыбында калып жатканын моюнга алышууда.

Жаӊы сунушталган мыйзамга ылайык, чиновник эки же андан көп өлкөнүн жарандыгын алып жүрөрү ачыкка чыгып, аныкталса гана кылмыш жоопкерчилигин тартат. Мисалы, Казакстанда кармалып калбаганда Дамирбек Асылбек уулунун жарандык статусу Кыргызда шек жаратышы күмөн эле. Дастан Бекешев Кыргыз жарандары Орусия, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдын жарандыгын алууга көбүрөөк кызыкдар экенин, андыктан бул өлкөлөр менен кош жарандуулукту аныктоо жаатында атайын макулдашууларды түзүп, анын негизинде талапкерлердин жарандыгын текшерүүнү жеӊилдетсе болот дейт. Азыркы тапта БШК да, Мамлекеттик каттоо кызматы да жооптуу саясий кызматка бараткан адамдын кош жарандыгын тез арада аныктай албай жатат. Балким аныктагысы келбейт. Ар бир мындай чуулгандуу иште мамлекеттик каттоо кызматындагы былыктар чууруп чыга бериши мүмкүн. Аида Салянованын ордуна депутат болуп келе турган Клара Кабилованын кош жарандыгы бар же жоктугун БШК 2 айдан бери тактай албай жатат.

Бекешев менен Баатырбековдун мыйзам долбоору 7-майда коомдук талкууга илинди. Парламенттен, президенттен колдоо тапса, бул жаӊы нормалар 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирет. Ал эми 2020-жылы өлкөдө кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Кыргызда кайрадан Динарбек-Дамирбектер пайда болушу мүмкүн...

2017-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту 10 жылга эркинен ажыраткан экс-депутат Карганбек Самаков боюнча кылмыш иши учурда шаардык сотто каралууда. Анын адвокаттары бул ишке президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев кийлигишип жатканын айтып чыгышты. Адвокат Нурдин Дүйшөнбеков былтыр Самаковдун ишин караган судья күтүүсүз алмашып, өкүм шашылыш чыгарылганын айтат. Ал эми экс-депутат Эсенгул Исаков Самаковду 10 жылга соттогон судья Дамир Назаров "жогору жактан буйрук келди" дегенин, сөз арасында Манас Арабаевдин аты аталганын билдирет. Манас Арабаев super.kg порталына комментарий берип, "Самаковдун ишине тиешем жок" деди.

Адвокаттары Карганбек Самаковго иш козголгонуна жакында 3 жыл болорун айтышат. Самаковдун окуясынан улам башка дагы бир резонанстуу иш эске түшөт. Самаковдун ишин жылдап сүйрөгөн соттор Өмүрбек Текебаевди жайдын аптабында, күн сайын, эртеден кечке чейин, айрым күндөрү иш убактысын узартуу менен түн жарымына чейин “соттошту”. Ал адам президенттикке талапкер болгонго чейин соттоп жиберүү керек болду көрүнөт. Ал эми Карганбек Самаков президенттикке талапкер эмес эле, анын ишин жаздан күзгө созуп жүрө берүүгө мүмкүн болчу.

Соттор бардык иштерди Текебаевдин ишин карагандай энтузиазм менен, ошондой тездикте караса, балким, сот тармагындагы абал бүгүнкүдөн башкача болмок. Президент Сооронбай Жээнбеков көптөгөн карапайым жарандар сот чечимин күтүп, убактылуу кармоочу жайларда азаптуу күндөрдү өткөрүп жатканын мисал келтирип, сынга да алган.

Манас Арабаев - 2015-жылдын февралынан бери президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчиси. Бул бөлүмдү Арабаевге чейин Индира Жолдубаева жетектеп, ал жерден башкы прокурорлукка "билет алган". Жаӊы президент Сооронбай Жээнбеков 9-февралдагы буйругу менен көп иштерде аты аталып келе жаткан Арабаевди кызмат ордунда калтырды. Мындай “сырдуу” адам эмнеликтен эмдигиче коррупцияга каршы катуу күрөш жарыялап, соттор коррупцияга батып калганын кайра-кайра эскертип жаткан президенттин жанында отурганы табышмак.

Ушул жылы 3-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Соттор кеӊешинин алдындагы Тартип комиссиясынын сунушуна ылайык, Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморованы кызматтан алган. Тартип комиссиясы өз чечимин Оморованын үстүнөн бир топ арыз түшкөнү менен түшүндүргөн. Көп өтпөй аталган судьянын апасы, өзү да сот болуп иштеп келе жаткан Максуда Оморова Манас Арабаев Октябрь райондук сотунун төрагасы Эрнис Чоткараевге телефон чалып, судья Гүлчехра Оморова Башкы прокуратуранын мурдагы кызматкери Жаныбек Салиевдин кайра кызматка барышына каршы чечим чыгарышы керектигин эскерткенин, Гүлчехра Оморова мындай мыйзамсыз талапка баш ийбей, аны аткарбай койгону үчүн иштен айдалганын айтып чыкты. Максуда Оморованын айтымында “кызматына кайра келтирбесин” делинген Жаныбек Салиев мурунку баш прокурор Аида Салянованын классташы болгону үчүн кызматтан кол жууп, өз укугун сот аркылуу коргомокчу болгон. Максуда Оморованын бул билдирүүсүн убагында 11 жылга кесилип, 2016-жылы мунапыс аркылуу эркиндикке чыккан Нариман Түлеев сындап чыкты. Түлеев Максуда Оморова өзү деле убагында Ак Үйдүн буйругун аткарып жүргөнүн, өзү деле аппак эместигин эскертти. Ал эми Манас Арабаевден бул иш боюнча жооп болгон эмес.

Акыркы күндөрү активдешкен Нариман Түлеев өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Бул жаран "Кыргыз темир жолу" ишканасын жетектеди, Бишкекке шаар башчы болду, бирок эки кызматта тең өзгөчө иштермандыгы, иш жыйынтыгы менен эсте калган жок. Ал 2013-жылы коррупция боюнча 11 жылга соттолуп, 2016-жылы мунапыс алып эркиндикке чыккан. Бүгүн Атамбаевдик режимди сындоого өттү.

Өлкөдө бийлик алмашканда өзүн эски бийликтин курмандыгы катары көрсөткөндөр кескин көбөйөт. Кайсы бийлик болбосун, мамлекеттик кызматкер элдин ырыскысына кол салган болсо, анын аты коррупционер бойдон калышы керек. Болгону укук коргоо, мыйзам көзөмөлдөөчү, сот органдары коррупциялык иштер болгонун мыйзам чегинде так, ачык, эртең бийлик алмашканда суроо жаралбагыдай аныкташы кажет. Бул органдардын эң негизги вазийпасы ушунда.

Соттордун бийликтен, ар кандай күчтөрдөн көз карандысыздыгы - жалпы адамзат өз тажрыйбасында түшүнүп жеткен өзөктүү зарылчылыктардын бири. Мисалы, Корея Республикасынын сотунун күчү кызматта турган президентти соттоого жетти. АКШда соттун президенттин чечимдерин жокко чыгаруусу кадимки көрүнүш. Канча ирет бийлик алмашканына карабай Кыргыз сотторун гана Ак Үй уучунан коё бергиси жок...

Оппозиция лидери Никол Пашинян башында турган армян эли бийликтин узурпациясына каршы күрөштө жеңип чыгып, Пашинян экинчи аракетинде премьер-министр болуп шайланды.

Көчөгө нааразычылык акциясына чыккан элдин сүрү, агымы канчалык күчтүү болбосун, өкмөт башчыны шайлоодо Кыргыз праламенти өңдүү 100 пайыздык колдоо көрүнүшү болгон жок. Аны парламентте 59 депутат колдоп, 42 депутат каршы добуш берди. Ошентип, парламентте 9 гана мандаты бар "Елк" фракциясынын лидери бийликти бир колго чогулткусу келген Серж Саргсянды жеӊди.

2017-жылы Армения толук парламенттик башкарууга өтүп, өлкөдө премьердин бийлиги күчөгөн. Быйыл 17-апрелде Арменияны акыркы 10 жылда башкарган Серж Саргсян премьерликке шайланган эле. Буга Армения эли, оппозиция каршы чыгып 13-апрелде Ереванда массалык толкундоолор башталган. Көчөгө чыккан миӊдеген элдин талабынан кийин 23-апрелде Саргсян өкмөт башчылыктан кетүүгө аргасыз болду. Ордуна убактылуу анын партиясынан Карен Карапетян дайындалды. Оппозиция лидери, элдик толкундоолордун башында турган Никол Пашинян Саргсяндын "Армения республикалык партиясы" бийликтен толук кетип, премьерликке элдин атынан сунушталган талапкер шайланышы керектигин, өлкөдө жаӊы парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылды. Армян парламентинде Саргсяндын "Армения республикалык партиясы" 58 мандаты менен башкаруучу күчтү түзөт. Жаӊы премьер шайлоо 1-майда өтүп, оппозициянын атынан сунушталган жалгыз талапкер Никол Пашинян жетиштүү добуш ала албай калган. Бул окуядан кийин Арменияда митингге чыккан миӊдеген жарандар жолдорду, аэропортторду блокадага алышты. Ушундай аракеттерден соң гана бийликтеги АРП фракциясы премьерликке оппозиция сунуштаган талапкерди колдоого макул болду. Бүгүн өкмөттү убактылуу жетектеп турган Карапетян кызматын тапшырып, Пашинянды кызматка шайланышы менен куттуктады. Пашинян өзүнүн жакынкы пландарын жарыялап, 9-майда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу-Карабах республикасына барарын билдирди. Армения жетекчилиги 9-май күнү аталган аймакка барып 9-Май - Жеӊиш күнүнө арналган иш-чараларга катышууну салтка айландырган. 14-майда Сочиде Жогорку Евразиялык экономикалык кеӊештин жыйынынын алкагында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушууну көздөп жатканын да айтты. Кыргыздан айырмасы, Армениядагы элдик толкундоолордо талап-тоноолор орун алган жок...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан