Израилдин өкмөт башчысынын жеке ашпозчусу Япониянын премьер-министрине "бут кийимге" тамак салып берди

Израилге иш сапары менен келген Япониянын премьер-министри Синдзо Абэге Израиль өкмөтү шылдыңдагандай мамиле жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышып, анын себебин Абэге бут кийимге салынган тамак берилгени менен байланыштырышууда.

Маалыматта жазылгандай, мындай "өзгөчөлүү" идиштеги тамакты Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхунун ашпозчусу расмий жолугушуудан кийинки тамактанууда берген.

"Бул акылсыз жана өтө одоно чечим болуптур. Япондордун маданиятында бут кийимге салыштыргандан төмөн эч нерсе жок. Бул деген еврейлерге шоколад таттууларын чочконун формасындагы идишке салып бергенге тете", - деп "The Jerusalem Post" гезити жазганын орусиялык басылмалар жарыялады.

Ал эми Япониянын аталган өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн дипломаты башкы ашпозчу Моше Сегеванын бул жоругун Синдзо Абэни шылдыңдоо деп сыпаттай турганын айткан.

"Эгер бул тамаша болсо, анда мен андан күлө турган эч нерсе таба албайм" деген дипломат.

Ал эми сынга кабылган башкы ашпозчу бул атайын япон премьер-министри үчүн даярдалган бут кийимдин формасындагы идиш болгонун айткан.

"Ал бут кийим эмес, идиш. Ал металлдан, Том Диксон аттуу айкелчинин колунан жасалып, биринчи жолу пайдаланылган. Ошол учурда ага десерт салынып конокторго берилген", - деген Сегева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
00AbibhanovMunarbek0045
2018-05-08 10:41:46
Ничиво сибе
-5
bond02
2018-05-08 10:46:14
биздин аткаминерлерге да берип жибергиле сурсугон носкиге салып, ботинкадан бузулуп калат.
+12
al-abu-kinesz
2018-05-08 10:48:54
Еврейлер бирди коргону калды ушу
+21
iryi1
2018-05-08 10:57:50
Жакында арабтар дагы бирди корот.
-30
Dalil
2018-05-08 18:16:09
iryi1, арабтардын кандай тиешеси бар бул темага. Жөөттөр бирок бирди көргүдөй эле болуп жатышат.
+2
zhaku2017
2018-05-08 15:41:41
Араб менен еврейлердин маданиятын жашоо образын, кийген кийимдерин динге шылтап кыргыздарга жабыштырганды токтотолучу.
0
jbolotov
2018-05-08 16:35:44
Еврейлер бирди коргусу келип журот, 12 млн калкы бар жоотор дуйного таасирин тийгизип атышат, Жапондорда ожор калк жоопсуз калтырбаса керек.
+3
Okurmanchik92
2018-05-09 01:31:26
Еврейлер муну жон жасаган жок. Биржа нерсени ойлонуп кылды менимче.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан