Бүгүн, 8-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 9-Май - Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште Жогорку Лигада 3-орун үчүн беттеш орун алат.
Анда алгачкы беттеште жеңилүү ызасын тарткан "Биримдик" менен "Четинди" командалар кез келет.
Эске салсак, "Биримдик" командасы 6-майда жарым финалдык беттеште "Ынтымак" командасынан 3:6 эсебинде утулса, "Четинди" командасы "Достук" командасына 15:3 эсебинде утулуп калган.
Андан тышкары, бүгүн Биринчи Лигада беттештер орун алат, анда "А" тайпасында "Сары-Өзөн" менен "Жаш-Күч" командалары күч сынашса, "Б" тайпасында "Аафият" менен "Толкун" командалары күч сынашат.
Биринчи Лиганын тизмеси:
"А" тайпасы:
"Сары-Өзөн";
"Көк-Жал";
"Жаш-Күч".
"Б" тайпасы:
"Аафият";
"Жаш-Тилек";
"Толкун".
8-майда боло турган беттештер:
10:00 "Сары-Өзөн" - "Жаш-Күч";
11:30 "Аафият" - "Толкун"
13:00 "Биримдик" - "Четинди"