Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда 45 жаштагы Чынара Исманова аттуу аял жасалма уруктандыруу жолу менен үч эм төрөдү. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаев кабарлады. Анын айтымында, 4-майда жарыкка келген үч эмдин жана эненин ден соолугу жакшы.
"Жайыл районунун 45 жаштагы тургуну 4-май күнү биздин борбордо үч эмди жарыкка алып келди. Наристелердин экөө кыз, бири уул. Төрөт операция жолу менен өттү. Учурда баарынын абалы жакшы. Жакынкы күндөрү аларды Жайыл районундагы төрөт үйүнө которобуз", - деди Узакбаев.
Маалым болгондой, үч эм Чынара Исманованын экинчи төрөтү. Улуу кызы учурда 24 жашта экендиги айтылды.