Бүгүн, 10-майда ЖЭБдеги күмөндүү жагдайды иликтеген депутаттык комиссия корутундусун чыгарды. Ушул маселеге ылайык SUPER.KG порталынын "ЖЭБди жаңылоого байланыштуу кемчиликтерди иликтеген депутаттык комиссия жооптуулардын атын атоодо саясий чайкоочулук кылып жатабы?" деген соболуна депутат Иса Өмүркулов оюн айтты.
Өмүркулов каражаттын кайда кеткенин иликтеп, саясий баа берүү менен калган ишти укук коргоо органдарына өткөрүп, иштин аткарылышын талап кылуу керектигин айтты.
"Бул жердеги маселенин бардыгы кредиттик каражатты кантип колдонгон, максаттуубу, пайдалуубу же бөлөк булактарга кеттиби деген нерседе. Бүгүн ачык-айкын изилдеп туруп чекит коюш керек, бул чоң акча, кийин кайра төлөп беришибиз керек. Терең ойлонгон кишиге бул акчанын баары кийин тарифтерге түшөт, тариф аркылуу ар бир жаран төлөөгө туура келет. Ошондуктан акча кайда кетти, кимдин күнөөсү бар, эмне үчүн ошол кезде ошондой чечим кабыл алынган, артында ким турганын ачыкташ керек. Биз саясий баа беребиз, калган ишти укук коргоо органдарына тапшырып, иликтеп чыгышына мөөнөт берип, талап кылабыз. Иликтөөдөн кийин дагы башка адамдардын аты аталышы мүмкүн, көп акчанын артында көп киши турат да", - деди Өмүркулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Таалайбек Масабировдун жана саясат таануучу Даниел Кадырбеков менен экс-депутат Өмүрбек Абдырахмановдун пикири бул шилтемеде.