Баткен облусунун Баткен шаарында аткезчилик жол менен 915 миң сомдук алкоголдук суусундук алып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, мыйзамсыз алынып бараткан энергетикалык суусундуктар 9-майда саат 12:00 чамасында кармалган. Тийиштүү документтери жок товар А.М. аттуу Кыргыз жаранына таандык болгон.
"Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Баткен шаарында жүк ташуучу унаа токтотулуп текшерилген. Анда Тажикстандан мыйзамсыз жол менен алынып келинген алкоголдуу суусундук кармалган. Алынган товарлардын жалпы саны 7320 даананы түзүп, жалпы баасы 915 миң сомду түзгөн", - деди басма сөз катчы.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.