Чек ара кызматы: "Тажик тарап чек арачыларынын кылган иш-аракети үчүн кечирим сурады"

Тажик тарап чек арачыларынын кылган иш-аракети үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу маалыматты мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-май күнү 4 Тажик чек арачысы автоунаа менен Кыргыз өлкөсүнүн аймагына 50 метрдей кирип келип жергиликтүү тургундардын документтерин текшере башташкан. Буга нааразы болгон жергиликтүүлөр аларга каршылык көрсөтүп, унаасынын ачкычын алып койгон.

"Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Кулунду айылында 12-майда жергиликтүү тургундар менен Тажик чек арачыларынын ортосунда пикир келишпестик келип чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган аскер жана күч органдарынын кызматкерлери окуяны жөнгө салышкан. Эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери маселени талкуулап, Тажик тарап аскерлери Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирип кеткендиги үчүн кечирим сурап, жаңы келген чек арачылар байкабай Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирип кетишкендигин билдиришти", - дейт маалымат кызматы.

Ошондой эле азыркы тапта окуя иликтенип жатканын жанан Лейлек райондук күч органдары тактоо иштери үчүн Тажик аскерлеринин автоунаасын алып кетишкендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Тажик чек арачылары менен болгон пикир келишпестик" аталышындагы видео жүктөлгөн.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Dembele84
2018-05-13 01:26:01
Тактагылачы айланайындар чек араны,качанга чейин болот ушуга окшогон чырлар?
+6
KAYRATBEK
2018-05-13 02:20:11
Урматтуу окмот силерден сураныч. Ошол тактадык деп кокурок каккан жеринерди корсотуп бергилечи ТИКЕНЕК ЗЫМ МЕНЕН СТОЙКАСЫН МЕН ОЗУМ ЭЛЕ АЛЫП БЕРЕЙИН. Жигитче созум!!!!!!!!
+65
Majit1975
2018-05-13 10:45:41
KAYRATBEK,эркек экенсин
+9
Ajara_13
2018-05-13 14:14:12
KAYRATBEK,+++
+9
BekAmir
2018-05-13 14:47:39
KAYRATBEK, азаматсын,сендейлер коп болсо кана?..
+8
Muratmipa
2018-05-13 21:21:18
KAYRATBEK,окуп алып толкунданып козго жаш алдым азамат колдон келбесе да айткан озу эрдик
+4
nemo2016
2018-05-13 02:23:00
Биздин чек ара кызматкерлерин рядовойунан баштап полковнигинедери алмаштырып салгылачы былжырактардын колунан эч нерсе келбейт экен ошол жердеги жонокой жарандарга звания оружие бергиле оздору эле коргоп алышат
+21
Ajara_13
2018-05-13 14:14:39
nemo2016,+++
+5
Nuura
2018-05-13 03:12:28
Чек араны озубуз Кыргыз элим аракет кылып тосуп алышыбыз керек .Чондор оздорунун артын ойлошуп кантип байыганды жана кантип элдин акчасын жегенди изилдеп отурганча .Кыргыз элим дагы канча убакытка чейин ушундай чек аранын койгойу менен жашайбыз.
+20
maksaim
2018-05-13 03:41:06
Пограничниктердин кереги жок болуп калды ар дайым после пожар пайда болот анда да жалган маалымат берет кече куну эч Ким отпогонун тастыктады пограничниктер деп айткан ал жалган маалымат деп ... Элге курал бергиле
+6
pixduel1
2018-05-13 06:40:25
Кечирим сурап койсо эле озунордон кетпей ,чондор чечкиле! Ошол аймакта кыргызга куйгон эл жашаганы учун чек ара сакталып тургандай! Эл да бир кун тажап шаарга келет,чек ара жылып отуруп жок болот!
+8
Ajara_13
2018-05-13 14:15:43
pixduel1,+++
+2
abusait
2018-05-13 07:24:45
Жаман коптуго ушу кошуналар биринен бири отуп .
+2
nazarKGZ
2018-05-13 08:52:11
Азыркы бийлик теле кыйратпайтко
+2
karakulja
2018-05-13 10:25:46
Баткендин чек арачыларына айлык, автамат бербей эле элге бериш керек болуп калды.Ар бир Баткендин жаранына 1 ден калашник жетишет
+9
Gulnyr19
2018-05-13 10:56:48
Контрактниктер бекер эле акчаны алып коюп жата бербей иштешсин. Качан караба үйүндө жүрөт. Биздикилер ошентип кирип барышканда эч нерсе дебей атып салышмак булар
+4
temirov76
2018-05-13 11:25:05
Сүйлөшүүлөр жүрүп келген,мындан ары да жүрө бергидей го.
+3
lenin1870
2018-05-13 11:53:21
Баткендиктерге кыйын эле болду чыдагыла Соке бирдеке кылаар Аша чече албады
+5
Dalil
2018-05-13 15:12:20
Булар бизди сынап жатышат. Билет чек ара каерден экенин. Ушинтип тез-тез чыгып көрөт бара-бара унчукпай калса кыргыз тарапка жыла беришет. Ушинтип канчалаган жерлерди ээледи дагы да улантып жатышат. Кантип деген суроо туулат. Биздин жерге кирип келсе куралчан жөн гана кечирим суроо менен иш бүттүбү? Кечирип койгула бийликтегилер кыска айтканда ХХХХ экенсиңер.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан