КҮНСЕРЕП: Сапар Исаковго УКМКнын сурагы тездеп, Ахметова көмүскөдө калды

Бүгүн, 14-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Мурдагы өкмөт жетекчиси Сапар Исаков кайрадан УКМКга суракка чакырылды. Экс-чиновник Бишкек ЖЭБин жаӊылоодогу күмөндүү жагдайлардан улам суракка алынууда.

УКМК имаратына кирип бараткан Исаков журналисттерге өзүнө карата "саясий куугунтук болуп жатканын" баса белгиледи. Убагында Алмазбек Атамбаевдин командасы таза иштегенин, муну ошол команданын мүчөсү болгон азыркы президент Жээнбеков жакшы билерин айтып "ЖЭБди жаӊылоо ишин иликтеген депутаттык комиссия фамилияларды атаса, айрымдарды аттап өтпөй тегиз аташы керек", - деп нааразы болду. ЖЭБдеги авария боюнча мурдагы өкмөт башчы, азыркы президенттин да жоопкерчилигин кароону талап кылып, Жээнбеков премьерликте турганда ЖЭБди кышка даярдоого акча бөлүнүп, бирок борбордо оӊдоо иштери жүрбөгөнүн эскертип өттү.

Бүгүн Сапар Исаковдун мурдагы кеӊешчиси Талант Султанов да өзүнүн интернет баракчасына "Борбор Азиядагы эӊ ачык, эркин, демократиялык делген өлкө тездик менен репрессиялык өлкөгө айланып баратат" деп жазды. Сапар Исаковдун "саясий куугунтук жүрүп жатат" дегени оппозициядагы саясатчылардын, жарандык активисттердин көңүлүн бурбай койгон жок. Текебаев, Чотонов, Жапаров, Исаев өӊдүү саясатчылар күмөндүү адамдардын арызынын, сүйлөшүүлөрүнүн негизинде кармалып, соттолуп жатканда өлкөдө бийликтин оппоненттерине каршы "саясий куугунтук" жүрүп жатканы тууралуу сөздөр абдан көп жолу, ар түрдүү деңгээлде айтылып келди. Атамбаевдик командадан мындай кайрылууларга карата оң жооп болгон эмес. Андыктан коомдук ишмер Эдил Байсалов "Сапар Исаков өзү казышкан аӊга түшкөнүн" жазып чыкты.

Өткөн аптада парламент ЖЭБди жаӊылоодогу күмөндүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын карады. Сапар Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турганда ЖЭБди жаӊылоону ишке ашыруучу катары Кытайдын ТВЕА компаниясын тандоо боюнча ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кызматтык кат жазганы ачыкка чыкты. Ушул эле катта президенттик аппараттын дагы бир бөлүм башчысы Нурсулуу Ахметованын колу бар, азырынча Ахметова УКМКга чакырыла элек. Депутаттык комиссия ушул кат ЖЭБди жаӊылоодо ишти аткаруучу катары ТВЕАны тандоого чоӊ таасир эткен деген позициясын билдирген.

2012-жылы "Электр станциялары" ишканасы ЖЭБди жаӊылоо боюнча алгач Кытайдын СМЕС компаниясы менен сүйлөшүү баштаган. 2013-жылы февралда СМЕС Кыргыз тарапка техникалык сунушун берүүгө үлгүргөн. Ушул эле айда ал кездеги вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин Кытайга сапарында ТВЕА менен кызматташуу меморандуму түзүлгөн. 2013-жылы 7-мартта "Электр станцияларынын" ал кездеги директору Салайдин Авазов ал кездеги энергетика министри Автандил Калмамбетовго кат жазып, Бишкек ЖЭБин жаӊылоого 3 компания: ТВЕА, СМЕС жана "Интер РАО" кызыгып жатканын, Кытай тарап жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр экенин айтып, бул насыяны алууга көмөктөшүүнү суранат. 20-мартта ТВЕА "Электр станцияларына" Бишкек ЖЭБин жаӊылоо боюнча техникалык сунушун берип, Кытайдын "Эксимбанкынан" кредит алуунун болжолдуу шарттарын атайт. 9-апрелде "Электр станциялары" ишканасынын башчысы Авазов ТВЕАнын ЖЭБди жаӊылоо сунушун ал кездеги энергетика министри Калмамбетовго, ал кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковго маалымдап, ТВЕА менен кызматташуу боюнча "Электр станцияларын" колдоп коюуну суранат. Май айында ал кездеги президент Атамбаевге Сапар Исаковдун жогорудагы каты жазылат.

Мурунку премьер Бишкектин жылуулук электр борборунда кышында болгон өндүрүштүк кырсык, ЖЭБдин жаңыланбаган эски бөлүгүндө болгонун айтып, коомчулуктун көңүлүн ошол тарапка бурууга аракет кылды. Коомчулук эки окуянын тең тыкыр, терең иликтенилип, чындыгына жетүү керектигин талап кылып турат. Биринчи: Кытайдан карызга келген 386 миллион доллар өз дарегине, туура пайдаланылдыбы? Эгер туура пайдаланылса эмнеликтен 1 кычкачтын баасы 600 доллар, бир видеокөзөмөл жүргүзүүчү камеранын баасы 14 миң доллар деп көрсөтүлгөн? Экинчи: ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык. Кышка даярдык көрүү үчүн өкмөт бөлгөн акча туура пайдаланылдыбы? Туура пайдаланылса эмнеликтен кырсык орун алды? Бул эки окуяны аралаштырып, чаташтырып, ошону менен олуттуу коррупциялык иштердин изин көрсөтпөй коюуну эңсеп жаткандар жок эмес. Ошентсе да коомчулук, Жогорку Кеңеш, жарандык активисттер, оппозиция-позициядагы саясатчылардын баары биргеликте иштин аныгына жетүүсү өлкө үчүн зарыл. Эртеңки ар бир иште бул окуя сабак болот...

Камактагы саясатчылар боюнча маселе кайрадан көӊүл борборуна чыкты. Бишкекте "Демократия жана саясий туткундар - бири-бирине коошпогон көрүнүш" деген темада форум өттү. Анда белгилүү саясатчылар, эксперттер, коомдук ишмерлер учурда камакта жаткан саясатчылардын абалын, аларды бошотуу жол-жобосун талкуулашты.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов президентке "камактагы саясатчыларды бошотуӊуз" деп кайрылуу туура эмес болорун, өлкө жетекчиси камактагыларды бошотуу боюнча кимдир-бирөөгө тапшырма бербеши керектигин айтат. Осмонов камактагы саясатчыларды парламент атайын мыйзам кабыл алган соң бошотуу туура болот деген пикирде.

Феликс Кулов атайын мыйзам кабыл алуу узак процесс экенин, андыктан камактагы саясатчыларды бошотуу жөнүндө алгач президент буйрук чыгарып, андан кийин процесс улана берсе болот дейт. Феликс Куловдун мындай иш боюнча жеке тажрыйбасы бар. Ал Акаев президент кезде, 2001-жылы 7 жылга, 2002-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. 5 жылга жакын абакта отурган соң 2005-жылы 24-мартта, Акаевдин бийлиги куулган күнү боштондукка чыгарылып, кийин сот тарабынан акталган.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков өлкөдө УКМК, ИИМ, прокуратура жана сот органдарынан турган "мамлекеттик мафиялык башкаруу" деген жаӊы түшүнүк пайда болгонун билдирди. Ушул эле сөздү мандатын тапшырып парламенттен кетип жатканда экс-депутат Аида Салянова да айткан. "Бүгүнкү күндө Башкы прокуратура, сот жана УКМК өз алдынча эмес, биригип алып иш жүргүзүүдө. Сот системи менен прокуратура биригип, саясий бандитизмге айланды", - деген Салянова. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Салянованы 5 жылга эркинен ажыратып, өкүмдү шаардык сот күчүндө калтырган.

Форумдун соӊунда президентке кайрылуу кабыл алынды. Анда камактагы саясатчылардын ишинин кайра каралышына шарт түзүп берүү, сотторго басым көрсөтөт деп аты аталып жаткан президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаевди кызматтан бошотуп, жазага тартуу талаптары бар...

Кубанычбек Кулматов арыз жазып Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан кетти. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Кулматовдун ордуна Алмаз Оӊолбековду дайындады. Өкмөттүн маалыматы боюнча, Оӊолбеков бажы тармагында 25 жылдан бери иштейт, бирок кесиби боюнча тарыхчы. Ал бүгүнкү күнгө чейин "Түндүк" бажысында ыкчам бөлүмдүн жетекчиси болуп келген.

Кулматовду Бажы кызматынын башчылыгына 2017-жылы декабрда ал кездеги премьер Сапар Исаков дайындап, "тажрыйбасы бар, жыйынтык көрсөтөт" деп ишеним арткан. Быйыл 5-февралда Кулматов 1,5 айда "Ош" бажысынын кирешеси 10 эсе, Борбордук бажынын кирешеси 2 эсе өскөнүн жарыялады. Бул статистика Бажыдагы коррупцияны ооздуктоо аракети катары кабылданган эле.

3 күн мурун УКМК Кулматовду Бишкекте Кытайдын ТВЕА компаниясынын гранттык акчасына курулган мектеп боюнча суракка алган. Анткени 2014-2016-жылдары Кулматов Бишкектин шаар башчысы эле. Кулматов буга чейин да Бажы кызматынын башчысы, Улуттук банктын төрагасы, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп, айтор, соӊку 7 жылда жалаӊ "акчалуу" кызматтарда жетекчилик кылды. Ошентип, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын дагы бири жаӊы президенттин командасына орун бошотту...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан