Түркиянын Айдын шаардык полициясы тарабынан чет өлкөдөн келген 28 кыз сойкулукка шектүү катары кармалды. Алардын арасында Кыргыз өлкөсүнөн барган 8 кыз бар экенин түркиялык басылмалар бүгүн, 14-майда жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кармалгандар КМШ өлкөлөрүнүн жарандары экени айтылууда. Кыздардын арасында сойкулук иштерин уюштуруу, интим кызматын көрсөтүүгө ортомчулук кылуу, сойкулукка мажбурлоого шектелгендери да бар. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими чыккан соң кыздар депортацияланышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы бул боюнча маалыматтар такталып жатканын билдирди.