Бүгүн, 15-майда саат 10:00дө Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралмак. Бирок соттун ооруп калганына байланыштуу отурум 25-майга саат 10:00гө жылдырылды.
Буга чейинки соттук отурум 2-майда болгон. Анда ИИМ Академиясынын курсант кызы Самара Өмүракунова көрсөтмө берген. Ал: "Зилалиев мага милиция кызматкеринин формасы жараша турганы боюнча айтканын билдирип, көрсөтмө бериптир. Бирок антип айткан эмес. Ал мага бомба тууралуу билдирген", - деп айткан Өмүракунова.
Эске салсак, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ Академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Дүйшөнбек Зилалиев болсо SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин жана болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.