Унааларды каттоо мөөнөтүн 5 күндөн 10 күнгө чейин узартуу сунушталууда. Бул багыттагы мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 15-майдагы жыйынында 3-окууда каралды. Унааларды 5 күндүн ичинде каттатууга бардык эле жарандардын мүмкүнчүлүгү болбой жаткандыктан унаа ээлерине шарт түзүү үчүн каттоону 10 күнгө чейин узартуу керек болгону айтылды.
Ошондой эле мыйзам долбоору коррупциялык факторлорду четтетүү, физикалык жана юридикалык жактардын унаа каражаттарын өз маалында каттатуусу (кайра каттатуусу) үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.
Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун 3-окууда жактыруу чечимин кабыл алды.