WEF Global 12: Өзгөнбаева, Жээнбеков, Токтобакиев атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда утса, Токтогулов чемпиондук курун сактап калды

Кечээ, 14-майда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын "WEF Global 12" аталышындагы эрежесиз уруш боюнча мелдеши орун алды.

Анда мелдештин алкагында 38 спортчунун өз ара беттеши болду. Анда Кыргыздын мушкерлерине чет элдик спортчулар кез келишти.

66 килограммга чейинки салмак ченинде WEF'тин Global лигасында алгачкы жолу кыз-келиндердин беттеши орун алды. Анда Кыргыз мушкери Барчынай Өзгөнбаева өзбекстандык Шахзода Рахимова менен кез келди. Таймаштын 2-раундунда Барчынай Өзгөнбаева атаандашынын колун кайрып жеңишке ээ болду.

71 килограммга чейинки салмак ченинде Илимбек Токтогулов Ринат Саякбаев менен беттешип, "WEF Profight" лигасынын чемпиондук курун коргоду. Беттеш 5 раундга созулуп, атаандаштар раунддан раундга артыкчылыкты талашып жатышты. Беттештин жыйынтыгында калыстардын чечими менен Токтогулов 2:1 эсебинде жеңишке жетип чемпиондук курун сактап калды.

Оор салмак чениндеги спортчулардын тирешинде Кыргыз мушкери Нурлан Токтобакиев казакстандык Князь Махмудов менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Князь Махмудов кылдаттык менен атаандашына таамай соккуларды узатып жатса, Токтобакиев биринчи сан менен иштеп, атаандашын бурчка такап жатты. 1-раунддун ортосунда Князь Махмудов бутунан жаракат алып, беттешти улантуудан баш тартты. Муну менен Нурлан Токтобаев жеңишке ээ болду.

Кеченин негизги беттешинде октагондо Кыргыз мушкери, WEF'тин чемпиондук курунун ээси Тилек Жээнбеков швециялык Малик Тамбе менен беттешти. Беттештин жүрүшүндө Малик Тамбе Кыргыз мушкерине мыкты каршылык көрсөтүп жатканы менен, 1-раундда эле Жээнбеков Тамбени 1 жолу нокдаунга кетирип, 2-мүнөттө күчтүү соккусу менен техникалык нокаут менен жеңишти илип кетти.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

61 килограммга чейинки салмак ченинде:

Барчынай Өзгөнбаева (Кыргыз Республикасы);

Бостон Анарбаев (Кыргыз Республикасы);

66 килограммга чейинки салмак ченинде:

Улан Эмилбеков (Кыргыз Республикасы);

Нурлан Курманалиев (Кыргыз Республикасы);

71 килограммга чейинки салмак ченинде:

Нургазы Балтабаев (Кыргыз Республикасы);

Бекболот Абдылда уулу (Кыргыз Республикасы);

77 килограммга чейинки салмак ченинде:

Кодирхон Гозихонов (Өзбекстан);

Алтынбек Мамашев (Кыргыз Республикасы)

Нурсултан Ырысбай уулу (Кыргыз Республикасы);

82 килограммга чейинки салмак ченинде:

Актилек Жумабек уулу (Кыргыз Республикасы);

84 килограммга чейинки салмак ченинде:

Рамазан Никарамазанов (Кыргыз Республикасы);

93 килограммга чейинки салмак ченинде:

Илез Камалов (Өзбекстан);

Осман Абдулазизов (Кыргыз Республикасы);

Абылкасым Якубов (Кыргыз Республикасы);

93 килограммдан жогорку салмак ченинде:

Ислам Абасов (Орусия);

Кеченин негизги беттештери:

93 килограммга чейинки салмак ченинде:

Нурлан Токтобакиев (Кыргыз Республикасы);

93 килограммдан жогорку салмак ченинде:

Тилек Жээнбеков (Кыргыз Республикасы);

Чемпиондук кур үчүн беттештер

71 килограммга чейинки салмак ченинде:

Илимбек Токтогулов (Кыргыз Республикасы);

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Janyjol.86
2018-05-15 18:08:30
фамилиялары эле укмушко .эмне демекчибиз ишгилик дайыма силер мн бир журсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан