Тажик тарап чек арачыларынын кылган иш-аракети үчүн кечирим сураган маалыматты четке какты. Бул маалыматты Тажикстан Республикасынын чек ара кызматты бүгүн, 16-майда таратты.
Алардын билдирүүсүндө чек ара кызматкерлери чектеш аймакка кирди деген маалымат жалган. Алар болгону талашка түшкөн аймакта турушкан жана жаралган маселе ошол жерден чечилгенин баса белгилешкен.
Эске салсак, 12-май күнү 4 Тажик чек арачысы автоунаа менен Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Кулунду айылына 50 метрдей кирип келип жергиликтүү тургундардын документтерин текшере башташкан. Буга нааразы болгон жергиликтүүлөр аларга каршылык көрсөтүп, унаасынын ачкычын алып койгон. Окуя болгон жерге барган аскер жана күч органдарынын кызматкерлери окуяны жөнгө салышкан. Эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери маселени талкуулап, Тажик тарап аскерлери Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирип кеткендиги үчүн кечирим сурап, жаңы келген чек арачылар байкабай Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирип кетишкендигин билдиришкен.
Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Тажик тараптын тараткан билдирүүсүнө төмөнкүчө жооп кайтарды.
"Биринчиден, биз окуя болгондон кийинки берген маалыматыбызды гана карманабыз. Себеби окуя болгондон кийин Тажик-Кыргыз тараптын өкүлдөрү жолуккан. Ошондо Тажик тарап "биздин аскерлер жаш болуп, аймакты көп билбегендиктен бул жерге кирип кетишиптир" деп айтышкан. Экинчиден, алардын машинасы биздин аймакта тургандыктан биздин милиция кызматкерлери алып кетишкен. Мындан улам Тажик тарап кечирим сурап, жаңылыш түрдө кирип алгандарын айтышкан. Үчүнчүдөн, ал тарап мындай маалыматты окуядан үч күн өткөндөн кийин таратып жатышат. Ал эми бизде бул окуя боюнча далилдер жетиштүү", - деди басма сөз кызматы.