super.kg logo

Клара Алибекова: "Үй-бүлөсү бар эркектер турмушка чыгууга сунуш кылган, бирок алардан баш тарттым"

 

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу - "Кыргызымдын жигиттери", "Классташым", "Биринчи сүйүүм", "Көздөрүң мейиз" жана башка эл жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармаларды аткарып жүргөн ырчы Клара Алибекова.

Өз мезгилинин популярдуу жылдызы Клара Алибекова "Турмуштун бороонуна туруштук бере албай сындым" деп агынан жарылган жайы бар. Жеке жашоосу тууралуу: "Байышка турмушка чыкканыма өкүнөм. Ал аялы менен ажырашпай жашай берсе, мен да башка менен бактылуу болмок белем" деп кейиген.

Жакында эле социалдык тармактарда "Кларага жардам беребиз" деген кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, ырчынын чыгармачылыгын сүйгөн адамдар Алибековага колдоо көрсөтөбүз, клип тарттырып, ыр жаздырганга жардам беребиз деп чыгышкан. Ага ырчы жооп кылып: "Дени-карды соо Клара өзү иштебейби?! Ырчылар ушинтип элден акча чогултуп жашай беришсе болобу?" деген комментарийлерди окуп жүрөгүм ооруду" деп ал колдоодон баш тартканын билдирген.

Клара Алибековага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланыптүз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып да жооп алсаңыздар болот.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

15:08. Белгилүү ырчы Клара Алибекова акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатканын айтып өттү.

15:09. Ырчы Түз эфирдин адатка айланган ойготкуч суроолоруна жооп берип, эфирди шаңдуу ачты.

15:11. "Жаңы чыгармаларымды, клиптеримди күйөмандарым көп күтүп калды. Азыр ушул нерсенин үстүндө иштеп жатам".

15:14. "Продюсер менен иштешейин деген оюм бар. Өзүм бир продюсерге иштешели деп сунуштагам. Азырынча иштеше элекпиз".

15:15. Суроо: "Күйөрмандарыңызды күттүрбөй тез-тез чыгарма жаздырып турсаңыз".

"Акыркы күндөрү кайсы жакка эфирге барбайын жаңы чыгарма тууралуу суроолор көп жаралууда. Буюрса, жакында жаңы ырларыма күбө болосуздар".

15:17. Суроо: "Үй-бүлөсү бар адамдар "мага турмушка чык" деп сунуш кылды беле?"

"Мындай сунуштар көп болгон. Алардан баш тарткам. Анткени үй-бүлөсү бар адамга турмушка чыккым келбейт".

15:19. "Бардык муундагы ырчылар менен мамилем түз. Баары менен сылык-сыпаамын".

15:20. Суроо: "Сиз аткарган ырларды жаңылап ырдап чыккандарга канааттанасызбы?"

"Ар ким өзүнүн табитине жараша аткарат. Мен ырдаган ырларды жеткиликтүү аткаргандар бар".

15:23. Ырчы тартип сакчылары менен болгон окуясын эстеп:

"Тартип сакчылары менен болгон окуя мени стресске алып келди. Ал эми мага туура эмес мамиле кылгандар өзүнүн жазасын алган жок. "Карга карганын көзүн чокубайт" дегендей эле болуп калды".

15:26. Ырчы күйөрманынын сунушун аткарып, эфир аркылуу "Турналар" аттуу чыгармасын жандуу үн менен ырдап берди.

15:28. "Ыр дүйнөсүнө 5-класстан тарта эле аралашып баштагам. Бала кыялмын да, сахнага чыкканыма кубанып жүрчүмүн. Ал эми "менин жаштыгымдан пайдаланган" деген сөздү айткан эмесмин, антип айтуудан алысмын. Тескерисинче, эл арасында ушундай сөздөр болгон окшойт".

15:31. Клара Алибекова экинчи ирет турмушка чыгуу тууралуу кандай ойдо экенин айтты.

"Экинчи ирет турмушка чыгууну азыр ойлонгон жокмун. Азыр баламды чоңойтуп, ага тарбия берүү менен алекмин".

15:33. Суроо: "Балаңыз менен батирде жашайм дегенсиз. Азыр деле батирде жашайсызбы?"

"Ооба, азыр деле уулум менен батирде турам".

15:34. Суроо: "Уулуңузга атасы жардам берип турабы?"

"Балам атасы менен катташып, телефон аркылуу байма-бай сүйлөшүп турат. Атасы жардам берип турат. Өзүм Байыш менен байланышпайм".

15:35. Суроо: "Апаңыз батиримди сатып, Кларанын чыгармачылыгына берем деген жайы бар эле. Ошол эмне болду?"

"Апамдын батири Жалал-Абадда. Ал батирди сатып, менин чыгармачылыгыма жумшоонун канчалык пайдасы бар?"

15:39. Суроо: "Уулуңуздун келечекте ким болушун каалайсыз жана ага татыктуу тарбия берип жатам деп ойлойсузбу?"

"Албетте, өзү жактырган кесиптин ээси болуп, үй-бүлөсүн багып кеткенин каалайм. Негизи өзү спортко аябай жакын. 3-классында мага айтпай футбол ойной баштаган. Бирок биринчи орунга окууну кой деген кеңешимди айтып турам".

15:42. Клара Алибекова репертуарындагы ырларынан аткарып берди.

15:43. "Той-топурларга чакыруулар болот. Көбүнчө той ээлери "Кыргызымдын жигиттери" деген ырымды суранышат".

15:44. Суроо: "Кадырлуу карылыкка барганда өзүңүздү кандай элестетесиз?"

"Ар бир эле адам карыгысы келбесе керек. Ал эми карылык кантип, кандай болуп келерин убакыт көрсөтөт".

15:46. "Жакын санаалаштарым имиджиңди өзгөртүп көрбөйсүңбү деп көп айтышат. Учурда ушул кеңештин үстүндө иштейин деп жатам".

15:47. Ырчы Клара Алибекованын SUPER.KG порталындагы маеги жыйынтыкталды.


кошулду


Ырчы Клара Алибекова: "Үй-бүлөсү бар адамга турмушка чыккым келбейт"

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(28)
16.05.2018. 15:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
11-04-2017
Соӊку аракети:
07-09-2018 08:36
Жынысы:
Белгисиз
-25
Жалпы кыргыз элимди кирип келген ыйык орозо айыныздар менен куттуктайм, Клара эже сизге ишинизге ийгилик уйбулолук бакыт каалайм жана суроом тамаша турундо билебиз азыр башыныз бош айымсыз эгерде сизге озунуздун эле кесиптештеринизден турмушка чыгууну айтып Кайрат кыргыз менен Мерген Турган сунуш кылса кимисин тандамак элениз???
16.05.2018. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
30-08-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:45
Жынысы:
Белгисиз
+35
Brilant-zhylan,тазза гангирбаш турбайсынбы жаш балдар дагы мындай суроо бериштен уялса керек
16.05.2018. 15:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
279
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
-42
Кларадан башка жокпу? Откондо эле келди эле го? Же бир ыр жаздырып ырдап жатсачы
16.05.2018. 15:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
18-10-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:25
Жынысы:
Белгисиз
+3
Салам Клара. Менин суроом жогорку билиминиз барбы???? Кесибиниз боюнча кимсиз????
16.05.2018. 15:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
312
Катталган:
10-09-2012
Соӊку аракети:
18-09-2018 15:35
Жынысы:
Белгисиз
+35
Клараны убагында кээ бироолор жакшы эле пайдаланышты.Ал убакта озу айтмакчы секелек кыз сахнага чыкканына кубанып жургон да.Кийин ишенчээктигинин айынан дагы коп алданып калды окшойт.Кудай ушундай назик жан кылып жаратыптыр.Эмне кылсын?
Бакыт жана ийгилик гана каалайбыз!
16.05.2018. 16:51 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
21-04-2018
Соӊку аракети:
24-07-2018 19:53
Жынысы:
Белгисиз
+12
Саламатсызбы Клара, биз сиздин ырларыңызды угуп чоңойдук, Кыргызымдын жигиттери ырыңыз өзүнчө дем күч берип турчу жигиттерге, Байыш Момунов эркек болсо жок дегенде алимент төлөп берсе болмок. Өткөндө биздин укук коргоочулар сиздин абройуңузга абдан жаман көлөкө түшүрүштү, ошолор жоопко тартылбай калганы абдан өкүнүчтүү.
16.05.2018. 17:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1120
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 13:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+20
Уулу Баел торолгондон бери квартирада жашашат ,азы Баел бой жетип баратат дагыле квартирада,Байыш уулуна уй алып берип койчу,аталык парз менен.Балада эмне куноо
17.05.2018. 02:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
402
Катталган:
05-11-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:24
Жынысы:
Белгисиз
+8
meni_kut,байыш уй алып берсе аялы байышты эшикке айдап чыгат болуш керек.
Super TV
16.05.2018. 17:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакында, жакында" эле дей бересизби. Иштеп атам эле дейсиз, корунбойт.
Super TV
16.05.2018. 18:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
25-04-2010
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн эле оной суроолорго жооп бере албай калыптыр го
17.05.2018. 01:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
16-03-2016
Соӊку аракети:
17-09-2018 23:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен сыйлайым кызды, ото эле жонокой, назик, жоош кыз
Super TV
17.05.2018. 02:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
02-12-2010
Соӊку аракети:
18-09-2018 13:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+2
Ай ий мынчалык жоош болбосонуз кичине митаамдыкты уйронсонуз Анжеликадан.
Super TV
17.05.2018. 02:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
02-12-2010
Соӊку аракети:
18-09-2018 13:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+1
Аябай эле ишенчеек адам экенсиз
17.05.2018. 10:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
17-11-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 10:34
Жынысы:
Белгисиз
+12
Анжелика Кларага продюссер болчу сенден сураныч. уй жайлуу кылып чыгармачылыгын гулдотуп жиберсен керек . сенин колундан келет
Super TV
17.05.2018. 10:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
27-08-2018 12:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек.
+6
Эмитеден балдарын той ырчысына айлантып, окуудан өксүк кылып билим бербей жаткан Ата-Энелер көрүп койгула. Билими жок эле ырдап жылдыз болуп кетем дегендер үчүн сабак.Убагында билим алса, бул кыз минтип кор болбойт эле.
Super TV
17.05.2018. 10:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
06-05-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кичине тыныраак болчу. Турмушта кыйналасын бул темпе. Элементарный суроого жооп берет албайсын
17.05.2018. 22:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
18-08-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 09:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл суйот Клараны
Super TV
18.05.2018. 00:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
06-12-2016
Соӊку аракети:
17-09-2018 21:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Клара эфирге чыкса эле чыгармачылыктын устунон иштеп жатам жаны ыр жаздырып дейт бирок эч результат жок
Super TV
18.05.2018. 01:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-04-2018
Соӊку аракети:
04-08-2018 12:08
Жынысы:
Белгисиз
0
соз байлыгын нол. катуу айтсам кечиресин. бир кездерде Кыргызстан ды дунгуроттун эле ал популярдуулуктан учкун да жок азыр. кичине тыныраак болчу.эч бир суроого норм жооп бербепсин.сен экообуздун балдарыбыз да сенден тагыраак суйлойтко.
18.05.2018. 12:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
15-11-2016
Соӊку аракети:
13-09-2018 15:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Логикасы "ноль" экен. Кичине китеп бетин ачып, өзүн дайыма өнүктүрүп жүрүш керек, өзүн элдин адамы деп ойлосо. Жашоо - бул күрөш. Илгери ырдады эле деп өмүр бою башкалар колдоп жүрө бербейт да. Искак Раззаковдун сөзүн билбесе... Троллейбустун кантип жүрөөрүн билбесе...
18.05.2018. 16:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
27-03-2015
Соӊку аракети:
07-09-2018 12:50
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюмча бул кызга психологиялык жардам керек.Анан соз байлыгын кобойтуш керек.Ооздорун коп эле кыйшайтып чоё бербей так так суйлоп, анча мынча тамашакойлукту уйронуш керек.
20.05.2018. 15:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эзилип эле былжырап чоектой бергени жакпайт! Несин жакшы көрүшөт билбейм
Super TV
20.05.2018. 16:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
15-07-2012
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Мыжыгып салгым келип кетти. Чыйрагыраак болчу Клара. Мектепте окубай,концерттеп журо берип, соз байлыгы кругозор такыр жок.
Super TV
20.05.2018. 23:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
02-09-2018 22:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Клара шоу бизнесте жолун болбосо колоко болуп журо бербей, башка иш мн алектенбейсинби??? Качанга чейин жардам колдоо кутуп журо берет Ия? Жаш кетип жататго...качанга чейин кыргызымдын жигиттерин аткарат?
Super TV
23.05.2018. 12:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 13:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында колдоо керек,жакшы соз адамды жан эргитет деп ,куч,энергия алат,алга чыгармачылык ийгилик каалайбыз сага Клара!
25.05.2018. 07:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
03-09-2016
Соӊку аракети:
16-09-2018 00:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул эжени сыйлайм. Таланты, уну бар кээ бирлерге караганда. Таланты жок болсо унутулмак эбак эле. Клара эже сизге ийгилик, чын ден соолук, узун омур, бакыт каалайм. Баланыз м.н бактылуу болунуз. Кудай сизге алтын эшиктерин ачаарын унутпаныз.
Super TV
27.05.2018. 00:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
28-09-2016
Соӊку аракети:
08-08-2018 00:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Страус --- төө куш же тоодак
Super TV
28.05.2018. 13:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
113
Катталган:
21-11-2012
Соӊку аракети:
18-09-2018 17:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Суперстан
0
Клара ийгилик! Болбогон суроолорду берип, эмне жүдөтөсүңөр кишини? "Балаңа татыктуу тарбия берип жатасыңбы? Жаңы ырың жокпу? ж.б. Ар бирибиз өз деңгээлибизге жараша тарбия беребиз да аны татыктуу тарбия деп эсептейбиз. Кларанын учурда "Классташым" деген ырын бир кыз ырдап жүрөт. Бирок, кипкичинекей кезинде ырдаган Кларанын аткаруусуна жетпейт. Аззаматсың Клара! Ийгилик сага!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114196;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: