Бишкекте батирди сойкукана катары иштеткен аял кармалды. Интим кызматын көрсөткөндөрдүн бири 18 жашта

Бишкекте үйлөрдүн бирин мейманкана деп, бирок сойкукана иштетип жүргөн 25 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Бишкек ШИИББине Ж.Н. аттуу аял үйлөрдүн бирин көп убакыттан бери мейманкана деп коюп, интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана катары иштетип жатканы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча ыкчам иликтөө иштеринин негизинде 25 жаштагы Ж.Н. аттуу аял колго түшүрүлгөн. Аталган даректеги үйдү тинтүү учурунда интим кызматын көрсөтүп иштеген үч кыз кармалган. Алар 23 жаштагы А.к.А.,18 жаштагы Н.М. жана 22 жаштагы Ж.Г. аттуу кыздар болгон.

"Сойкукананы уюштурган деген негизде кармалган Ж.Н.га Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп билдирди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
NURTILEK_KG
2018-05-16 16:22:59
Ушундай интим корсоткондордун баарын суротун чыгаргылачы коройлук кийин башкаларда коркуп азаят беле ушундайлар
+7
Kairatsadybakasov1994
2018-05-16 16:31:07
мындайлар толтура озулору крышавай этетда долясын бербегендерди ачыкка чыгарып ататда
+3
erlist
2018-05-16 16:36:52
Буга эркектер куноолуу.Эгер эркектер сойкуларга барбаса андай нерсе ачылмак эмес так что делайте выводы...
0
asha302
2018-05-16 16:40:29
erlist,кыздар сойку болбосо эркектер катындарынын койнунан чыкпайт эле
+7
mandalak
2018-05-16 16:52:17
Кыргыз эркектер барбаса сойкулар серавно башка улуттун эркекетери менен ишин кыла берет эркекте куно эмес куноолу аялда болуп журбосун. аял ал ишке барбаса эркек эркек менен жыныстык катнашка бармак беле барса аларды ким деп коёт аны жакшы билесинер )))
+2
keba300989
2018-05-16 18:06:05
Жалал-Абадты качан текшеришет экен
+2
Jazdyn_tany
2018-05-16 22:14:04
18 жашта болсо, 2000-жылкы экен.(((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан