Ташкент менен Самаркандга баруу үчүн 5 себеп. Өзбекстан кандай өзгөчөлүгү менен өзүнө азгырып жатат?
super.kg logo

Ташкент менен Самаркандга баруу үчүн 5 себеп. Өзбекстан кандай өзгөчөлүгү менен өзүнө азгырып жатат?

 

Өзбекстанга баруу эки эле жыл мурун көпчүлүктүн оюна келмек эмес. Өлкө өзгөлөргө жабык болгондуктан көпчүлүк баруудан чочулап турушчу. Бирок акыркы убакта абал бир топ өзгөрдү. Биз да Бишкек-Ташкент жаңы автобус каттамы менен сапарга чыктык.

1. Ташкент. Таза шаар, жашыл көчөлөр

Бизде “ай, үйүң Ташкент болуп кетиптир” деп калышат эмеспи. Ошол сыяктуу эле биз барган 12-14-май күндөрү эртең менен жамгыр жааганына карабай, түштөн кийин өтө ысык болуп жатты. Шаардын ичинде бийик имараттардын басымдуу бөлүгү ак түстө. Көчөлөрү жашыл, ылдый жагы тегиз акталган бак-дарактар, гүлдөр, арчалар көп отургузулуп, шаарга көрк берип турат. Тазалыкка жакшы көңүл бурулганына байланыштуу борбордук көчөлөрүндө таштанды жокко эсе. Бирок таштандыларды шаардын четинде, базарлардын айланасында кезиктирүү мүмкүн.

2. Транспорт. Мыйзамды сыйлаган калк

Ташкенттин жолдоруна 8 катар автоунаа батат. Чуңкуру жок түз экени байкалды. Шаардын бардык көчөлөрүндө күнү-түнү коопсуздукту камсыз кылган, жашыл түстө кийинген милиция кызматкерлери жүрүшөт. Биз "эркин жүрө алабызбы" деген сурообузга “көчөдө мас болуп, жарым жылаңач жүрбөсөңөр эле эч ким тийишпейт” деген жооп алдык. Чындыгында мас болгондорду жана селсаяктарды кезиктирген жокпуз. Автоунаалар жазылып турган ылдамдыкта айдап, бири-биринен ашып өтпөгөнү кубандырды. Жеңил унаалардын көбүнчөсү ак түстө, атайын фирманын такси кызматындагы унаалары сары түстө. Шаар тургундарын автобустар, метролор, маршруттук таксилер жана жолдо бара жатып ала кеткен таксисттер ташыйт. Маршруттук таксилерге отургучтарга гана батчу жүргүнчү алганы ыңгайлуу, ал эми туруп кеткендерди автобустан кезиктирдик. Күйүүчү май же газ менен жүргөн автоунаалар май куюучу жайга жетерде ичиндеги жүргүнчүлөрдү түшүрүп, айдоочу гана барып куюп, жолдун аркы башына өтүп күтүп турган жүргүнчүлөрүн салып, жолун улаганын жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн деп түшүндүк.

3. Чыгыш жомогуна жетелеген тарыхый Самарканд шаары

Самаркандга баруу үчүн 2 саатта жеткирүүчү ылдам поезд каттамы бар. Баасы 600 сомдун тегерегинде. Кадимки поезд 5 саатта жеткирет жана анын баасы 100 сомго арзан. Акыркы убакта туристтер көп болгондугуна байланыштуу поездге алдын ала билет алуу керектигин айтышты.
Биз такси менен 4 саатта жеттик. Таксист жол акысын 500 сомдун тегерегинде айтканы менен биз 400 сомго сүйлөштүк. Айдоочу менен сүйлөшүп алса, зыярат кылуучу 5-6 жерге барып, базарын да кыдырууга болот. Тарыхый шаар көп жылдар бою урабай сакталган имараттары менен көз жоосун алат. Ал имараттардын ичинде кадимкидей соода-сатык иштери жүрүп турат. Ар бир эшикке кирсең түрдүү сувенир, улуттук буюмдар, кийим-кечелер, кыздар үчүн жасалган шуру, жоолук жана башкаларды табасың. Кадимкидей “Клон” сериалындагы Мароккону аралап жүргөндөй сезилет...

Туңгуч президенти Ислам Каримовдун күмбөзүнө гүл коюп, куран окуганы баргандардын саны дагы деле көп. Алардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү туристтер, окуучулар же компаниялар атайын келип зыярат кылып турушат.

Самарканддын тарыхый жайларына жана музейлерине кирүү үчүн чет элдик туристтер үчүн билеттер башкаларга салыштырмалуу кымбатыраак. Мисалы, жергиликтүү туристтер 1000 сумга (биздин акча менен 10 сомдун тегерегинде), чет элден келгендер 12000, 17000 сумдан (120,170 сом) сатып алышат.

Музейлердин биринде биздин заманга чейинки кылымдагы буюмдар сакталган.

4. Туристтерди кызыктырган базары

Кургатылган жер жемиш... Аны жакшы көргөн адам болсоңуз, анда сөзсүз базарларына баш багыңыз. Бааларын кымбат айтышса, жакшылап сүйлөшсөңүз, түшүрүп беришет. Баалар жалпы жонунан Бишкектеги баадан арзан. Көпчүлүк сатуучулар жолдон тосуп алып, товарларын сунуштап башташат. Күлүп тосуп, сиз деп бал тилге салып, көп нерсени бат эле сатып алганыңызды байкабай калышыңыз мүмкүн.

5. Ашканасы

Тамак-аш арзан, таттууларды ар түрдүү кошулмалар менен жасашат. Шаардын кайсы жерине барба самса же дагы башка даамдуу тамактын жыты азгырат. Жолдордо нандарды көтөрүп алып, токтоп турган машинага сунуштагандар көп. Нандарынын көлөмү кичине болгону менен салмактуу жана даамдуу. Самаркандда жекшемби күнү түшкү тамактанууга айтылуу палоосун көп убара болуп издеп таптык. 4 кишилик деп алган палоо, 2 порциялык шакарап, чай жана нан үчүн 600 сомго жакын төлөдүк.

Кыргыз-Казак чек арасы сыяктуу Кыргыз-Өзбек чек арасынан өтүү машакат жаратат деп ойлогонбуз. Бирок күткөнүбүздөй болгон жок. Чек арадан оңой өтүп, текшерүү учурунда кызматкерлер сылык-сыпаа мамиле кылышты. Ал эми жатакана маселесине келсек, 800 сомдон тартып чөнтөгүңүзгө жараша мейманкана таба аласыз.

Жашооңузду түстүү боёкторго боёгуңуз келсе, саякатка чыгыңыз...

кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 14 
Комментарийлер(27)
16.05.2018. 22:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
09-02-2018
Соӊку аракети:
19-08-2018 17:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Пекин
+19
Мен соззсуз бара турчу шаарлардын тизмесинде. Кудай Таалам эртерээк ишке ашырсын тилегимди!!!
16.05.2018. 22:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
04-10-2007
Соӊку аракети:
19-08-2018 13:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+8
Лейлектен Бишкекке карай мурдараак автобус каттачу. Исфана - Кожент - Ташкен - Чымкент - Кара-Балта - Бишкек маршруту менен. Ошондо бала кезде Өзбекстандын бир жерине барганда "тоок алабыз, тоокко келдик" деп адамдар сүйлөп калчу. Азыр эстесем ошол мезгилде Кыргызстанда биле элек кезимде тоок гриль сатышчу экен. Даамы грилдей болчу. Бирок сатканда атайын бир идишке салып үстүн жаап коюп сатчу. Гриль аппаратын көргөн эмес элем. Ошентип акыркы жолу 2006-жылы автобус менен студент кезимде
16.05.2018. 22:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
04-10-2007
Соӊку аракети:
19-08-2018 13:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
newman,
Азыр ошол каттам кайра ачылат деп сөз болуп атат. Ачылсын, бизге жакшы болот. Жол кире такси 2000, минивен 1800, спринтер 1500. А автобус болжолу 1000 ден каттап калса керек. Анан автобус менен тезда жетесиң.
16.05.2018. 22:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
03-07-2018 13:36
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сонунго ошондо мен 2000 сом алып барсам жетет екенда баарына ал жакта акча алмаштырат болду бекен биздин акчага созсуз барам буюрса укмуш онугуп жатат
17.05.2018. 13:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
11-04-2016
Соӊку аракети:
22-06-2018 13:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Zainidin96,акча алмаштырат
16.05.2018. 23:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
18-09-2016
Соӊку аракети:
03-07-2018 23:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонунго мага жакты мен дагы барат окшоймун саякатап
16.05.2018. 23:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
04-05-2018
Соӊку аракети:
19-08-2018 18:42
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шаарын тазалыгын,жашылдыгын,куураган дарак жокго баары жашыл. Кана бизде шаарды ушундай коркдондурушсо, маани беришсе. Бишкектин борбордук кочолорунун акыбалын корсон зеенин кейит,дарактарын парктардын акыбалын айтбай эле коеюн
17.05.2018. 00:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
25-05-2015
Соӊку аракети:
12-07-2018 11:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+8
Кыргызстан азия чолкомундо туристтик зона б-ча алдынкы орунда кк болсо анан биздин кайдигер-н каралбайт кооз жерлерибиз же акча жокпу а кошуна олколор кыйла артта бизден ыйык зыярат кыла турган жерлерибиз да коп эх КЫРГЫЗСТАНЫМ гулдо онук алга алга
17.05.2018. 00:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
04-10-2007
Соӊку аракети:
19-08-2018 13:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-7
Zarlykbek, сөзүн туура. Бирок, ич күйдүлүк кылгандай суйлөдүңда
17.05.2018. 01:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
25-05-2015
Соӊку аракети:
12-07-2018 11:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+1
newman,коомдук биринчи каналыбыздан тынбай корсотуп жатат ушул шаарларды эми супер калды эле корсотпогон ич куйдуулукту биз эмес ушул кошуналар кылат чек ара жанжалдары б-ча кабарын бардыр биздин жаратылышыбызга ичтери куйот кичине бош койсо тартып алгысы бар сонун жайлоо кооз жерлерибиз кеттиго каркыра узонгу-кууш суу сактагычтар
17.05.2018. 04:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
04-10-2007
Соӊку аракети:
19-08-2018 13:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-3
Zarlykbek, чек ара маселеси озбек-тажик менен болгон байланышты мен жакшы түшүнөм. Себеп чек арага жакын жашайм.
Икая: Ичи таар адамдан кудай сураптыр: "эмне сурасаң берем, бирок кошунаңа 2эсе берем ошол нерсени" десе, ичи таардыгынан айтыптыр "менин үйүмдүн жарымы өрттөнүп кетсин ошондо кошунамдын үйү толук күйүп кетет" дептир. Бул икаяда каармандын жөнөкөй начар мүнөздүн кулу болгону сүрөттөлду. Алар жайлоого суктанса эмне болуптур? Кошунанын жетишкендиги үчүн сүйүн
17.05.2018. 09:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
16-01-2018
Соӊку аракети:
19-08-2018 13:11
Жынысы:
Белгисиз
+2
newman,эми сени деп өз элине да каалоо айта албасынбы
17.05.2018. 18:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
04-10-2007
Соӊку аракети:
19-08-2018 13:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Flowhive, айткан каалоосуна мен да кошулам. Бирок, көрсөтпө, угузба, сүйлөбө, биздин кооз жер турганда алардыкына такыр айтпа деген мааниде сүйлөшкөндөй туюлду. Башка бирөөнүн жетишкендигин принавать этүү керекда. Мисалы: биздин тоолор ото сонун. Өзбекстан жер-жемиш боюнча алдыңкы орунда экени талашсызда. Менин айтайын дегеним өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло дегендей макалада айтылган сулуулук чын экени талашсыз.
17.05.2018. 01:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
300
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
06-06-2018 22:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кооз жер
+3
Президенти жакшы экен заматта өзгөртүп койду.Мага да жакты,аманчылык болсо көрүп келээрбиз буюрса☺
17.05.2018. 04:05 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+1
Medinaa, Озбекистан Каримовдун учурунда эле ушундай болуучу. Азыркы президенти 10 жыл Окмотту жетектеп иштеген Каримов доорунда...
17.05.2018. 06:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
13-04-2016
Соӊку аракети:
19-08-2018 17:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Самарканд шаары жакты буйруса барып келет окшойм убакыт болсо..
17.05.2018. 08:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-04-2011
Соӊку аракети:
17-08-2018 17:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Бизден башкасынын баары онугуп жатат, мен Алматыга барганда эле оозум ачылып келген, зоопаркы сонун, кайра кайра баргынды келтирген шаар
17.05.2018. 09:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
508
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
19-08-2018 10:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбекистанды коргум келип журот коптон бери.
17.05.2018. 14:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
667
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
19-08-2018 17:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+1
Бизде 600$ кычкач алып 9090 сомго көчөт алчуу бийлик жоголгондо өнүгөбүз. Биздеги эң чоң ката менчиктештирүү болду. Бийликтегилер жакшы иштеп өлкөгө пайда келтирген завод-фабрикаларды ар кандай жол менен банкрот кылышып, өздөрүнө арзыбаган акчага сатып албаганда биз да кошуналардай өнүгүп кетмекпиз. Приватташтырып алган завод-фабрикаларды мамлекеттин балансына өткөрүү керек өлкөнүн өнүгүүсү үчүн.
17.05.2018. 17:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
17-08-2018 12:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан учун ыйлагым келип кетти, коншу мамлекеттер алдыга кетип жатышат онугуп, биз болсо карыздын сазына батып аран турабыз. Кайран гана мамлекетим, жегичтер сени тарпынды чыгарып бутушмой болду го, Келечек кандай болот белгисиз. Бала-чакабызга гулдогон мамлекетти эмес карызы чубалган кедей мамлекетти калтыра турган болдук.Буга чейинки, азыркы жегичтердин баары уурдап-уурдап бала-чака.небере-чебирелеринен бери качып кетишет.:-(
17.05.2018. 18:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
19-08-2018 15:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош тараптан кантип өтүп барса болот,ушуну айта кеткилечи.таможняда көпкө кезек кутосун дешет
17.05.2018. 18:33 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
07-05-2018
Соӊку аракети:
31-07-2018 02:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Алаканы оңосо оңосун. Бирок чек араны тактап тосуп анан. Жеке мага ал шаарларга кыдырууга баруу жагат. Бирок кээ бирлер аша чаап кетиптир. Андай мындай деп... югка через уз барыштын кереги жок. Буюрса жаңы жолубуз бүтөт 500 км менен Ошко кирип барабыз)))
17.05.2018. 21:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
18-08-2018 22:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мен туулган жер!
0
Баардыгы туура, 8катар машина журо турган жолдору да коп, бир эле проспект же кочо эмес.Эн негизгиси темирдей тартип. Динге бизге караганда жакын болгону мн, этеги жер чийген дамбал койнокчон эркектерди жана сакалчан жаштарды корбойсун. Жашыл формачан милиция кадам сайын. Тамак аш арзан, транспорт арзан, маршруткада тыгылбайсын
17.05.2018. 21:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
18-08-2018 22:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мен туулган жер!
0
Ош жак мн келгендерге Достук чек арасынан отуп, Андижан Наманган аркылуу келишет, Андижандан Ташкентке чейин 6саат
17.05.2018. 22:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
18-08-2018 22:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мен туулган жер!
0
Симкарта алуу да озунчо бир иш. Бир адамга 5номер алууга болот, скорыйга кокустан чалып калсан, эртеси барып отчёт берет экенсин эмне себептен чалгандыгын жонундо, ошондуктан эч ким бейчеки скорыйга чалып аларды тамашага салбайт, бомба коюлду деген чалууларды айтпай эле коеюн
18.05.2018. 09:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
23-11-2017
Соӊку аракети:
19-08-2018 12:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Коншу мамлекеттерге турист катары барган он,анткени коопсуздугун кепилденет.5000сом менен барсан беймарал айланып келесин,алмаштырсан Бир чемодан акча болот
18.05.2018. 12:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
24-12-2015
Соӊку аракети:
19-08-2018 17:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва.
+1
Быйыл жайында Кыргызстанга барсам, балдарым менен барам деп жатам. Саякаттаганга эмне жетсин?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
112594;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: