Кытайдан алынган 386 миллион долларлык карызды кытайлык ТВЕА иштеткен. Мындай маалымат бүгүн, 17-майдагы парламент жыйынында айтылды. Депутат Айсулуу Мамашова аталган макулдашуу боюнча ким алектениши керектигине жана ким Кытайдын өкүлү менен жолукканга укуктуу болгонуна кызыкты.
Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов долбоордун баасын талкуулоо сыяктуу иштерге ТИМдин тиешеси жок болгонун айтты.
Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Сапар Исаков: "Биз Кытай лидеринин иш сапарына даярданып жатканбыз. Бул долбоор боюнча маалыматка ээ болушубуз керек эле. Кытай өкүлдөрү менен жолугууга менин укугум бар эле. Мен канча жолу жолукканымды териштирип көрүшсүн", - деп жооп берди Исаков.
Депутат Айсулуу Мамашова алынган ири карызды иштетүүгө ким уруксат бергенин сурады. "386 миллион доллар мамлекетке келип түшкөнбү?" - деп кызыкты.
Каржы министрлигинин мурдагы башчысы Ольга Лаврова каражат түздөн-түз мамлекеттин эсебине түшпөгөнүн билдирди.
Андан соң депутат Мамашева: "Биз ушунча чоң карыз алганбыз, бирок аны иштетип, шаймандардын баарын ТВЕА сатып алган. Ким буга макулдук берди? Бул менен ким алектениши керек эле?" - деп сурады.
Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев мындай чечимди "Электр станциялары" ишканасы кабыл алганын айтты.