super.kg logo

Астротөлгө: 18-майда төрөлгөн адамдар кандай болушат?

 

Бул күнү сезимтал, шамдагай, бир аз урушчаак адамдар төрөлөт. Адамдар менен чогуу отуруп, аларга жылмаюу тартуулаганды жактырышат. Колунан келсе ушул ааламды жакшы жагына өзгөртүүнү каалайт.

18-майда жарыкка келген букачарлар коомдук активист, саясатчы, журналист, музыкант, ырчы же спортчу болууга жөндөмдүү. Ошондой эле өздөрүнүн жеке оюн жөнөкөй эле иши менен башкаларга жеткире алышат.

Баса, алар калк арасына сиңип калган салт-санаа, ырым-жырымдар жакшы жашоону бузат дегендердин катарында. Максатсыз жүргөн, эртеңкисин пландабаган, жоопкерчиликсиз адамдар менен байланыш түзүп, убакыт коротпойт. Анткени бул күнү төрөлгөн букачарлар бардык нерсени өз ирети менен туура жана так аткарышат. Ошол эле мезгилде жайбаракат кыймылдаганды жакшы көрөт.
Бирок кымындай кемчилик үчүн деле жакындарын урушуп, аларга катуу талап коюп, капа кылып алышат.
Дарегине карата айтылган сын-пикирлерди кабыл алгысы келбейт. Кемчилигин, кетирген катасын моюнуна алуу кыйынчылык жаратат. Анткени өздөрүн идеалдуумун дегендердин катарына кошот.

18 санынын алдында төрөлгөндөрдүн жашоосу башкалардын кызыгуусун жаратат. Алар бардык чөйрөдө өздөрүнүн дараметин сынап көрөт. Бактылуулук тартуулаган иш менен алектенмейинче бир орунда отурбайт.




 
 Тектеш кабарлар 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114449;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: