Жанар Акаев: "Депутаттар убагында ЖЭБ боюнча баарын колдоп берип, эми түштөн кийин кыйкырганы туура эмес"

Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун 3 күн талкуулады. SUPER.KG порталынын "ЖЭБ чуусунда "эл душманы" ким же кимдер деп эсептейсиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев төмөнкүдөй жооп берди.

Ал сот чечими чыкканга чейин бир дагы кызматкерди айыптагысы келбей турганын айтты. "ЖЭБге жаңылоо керек болгону баарыбызга эле маалым. Депутаттар убагында баарын колдоп берип, эми түштөн кийин кыйкырганы туура эмес. ЖЭБди жаңылоо кереги анык, бирок ошол каражаттын жумшалышы боюнча эле бөлүп караса жакшы болмок.

Сот иштери бүткөнгө чейин мен ким күнөөлүү экенин деле билбейм. Эми жыйынтыкты жакшы чыгарыш керек. Жакшы жыйынтык чыкпаса, парламент үч күндөп, төрт күндөп жыйын кура бергендин кереги жок. Ошон үчүн ошол убакта кол койгон депутат болобу, министр болобу, премьер-министрби, керек болсо президентпи, баарын четинен жоопкерчиликке тартыш керек. Ошондо кийинки бийликке келгендер уурдагандан коркуп калат.

Мамлекеттик карызыбыз 4 жарым миллиард доллар болду, анын 40 пайызы Кытайдын "Эксимбанкынан". Биздин парламенттин табияты ушундай, бийликте турганда сөз жугузушпайт. Эртең кокустан Сапар Исаков бийликке келип калса, "биз документти кайра карап чыктык, Сапар Исаковдун күнөөсү жок турбайбы, күнөө Жантөрө Сатыбалдиевде турбайбы" деп туруп 180 градуска бурула беришет. Ошон үчүн чын-чынына келгенде, ЖЭБдин ишинин аягына чыкпаса болбойт, мындан жок дегенде четинен камап, өлкөнүн акчасын кайра бюджетке түшүрүш керек”, - деди Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Зиядин Жамалдинов, Исланбек Сарсейитов жана коомдук ишмер Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан