Рита Карасартова: "Акылдуу жетекчилер эч жерге колун койбой таза болуп чыгып кетип жатышат"

Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун 3 күн талкуулады.

SUPER.KG порталынын "ЖЭБ чуусунда "эл душманы" ким же кимдер деп эсептейсиз?" деген соболуна коомдук ишмер Рита Карасартова төмөнкүдөй жооп берди.

Ал Бишкек ЖЭБи боюнча күнөөлүү жетекчилерге жаш же карыга карабай аёо болбош керектигин айтты.

"Ар бир мамлекеттик кызматка келген адистин жүрөгү мамлекет үчүн гана сокпосо, коррупция эч качан токтобойт. Дайыма эле системге шылтай берсек, анда жеке адам жоопкерчилигин кантип көтөрөт. Биз ачык айкын жасалган коррупциялык систем менен күрөшө алабызбы деген суроону туудурат. Анткени мамлекетке бир тыйын зыян келтирбеген жакта прокуратура кылмыш ишин козгоп, элдерди кыйнап жаткандарды көрүп жатабыз. Алардын ичинде мектеп директорлору, айыл өкмөттөрү бар. "Бул жерде коррупциялык систем жок го" десек, мына үтүр туура эмес коюлуп калган деп кылмыш ишин козгойт. Мунун баарын карабай койсок, бизге кечирүү жок. Маселенин баары кагаз түрүндө калат. Акылдуу жетекчилер эч жерге колун койбой коррупциялык жактардан чыгып кетип жатышат. ЖЭБ окуясы башкалар үчүн сабак болушу керек", - деди Карасартова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Жанар Акаев, Зиядин Жамалдинов жана Исланбек Сарсейитовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан