Орусиялык "Caviar" бренди күн нурунан жана жарыктан кубат алуучу iPhone X гаджетин чыгарды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, учурда чексиз кубаттуу гаджетти сатуу түйүндөрү ачыла баштаган. Күндүн нуру аркылуу кубаттануучу гаджетти даярдоо үчүн адистер 6 ай убакыт сарптаган.
Адистер башында iPhone X гаджетин 99 даана чыгарууну пландаган. Бирок жаңы технологиялык аппаратты алууну каалагандардын саны көп болгондуктан, 999 гаджетти чыгарууга өтүшкөн.
Ал эми iPhone X`тин алгачкы чыгарылышы SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү, миллиардер Илон Маскка жөнөтүлгөн. Ошондой эле Илон Маск ала турган гаджетке "Made on Earth by humans", тагыраагы, "Адамдар тарабынан жер шаарында жасалган" деген жазуу түшүрүлгөн.