ЖЫЛНААМА, 19-МАЙ: 13 жашында окуусун таштап, үй-бүлөсүн бага баштаган түркиялык актёр Өзжан Дениз 46 жашка толду

Түркиялык актёр, ырчы, режиссёр Өзжан Дениз бүгүн, 19-майда 46 жашка толду. Ал 1972-жылы Түркиянын Анкара шаарында төрөлгөн.

Күрд улутундагы Өзжан жетишпеген турмуштун айынан 13 жашында мектепти таштап, ырдап үй-бүлөсүн бага баштаган. 16 жашында Германияга иштегени кетип, 3 жылдан кийин мекенине кайтып келген. Түркияга келгенде анын чыгармачылык иши үзгүлтүккө учураган. Тактап айтканда, ата мекендик парзын өтөө үчүн аскерге барган.

Аскердик кызматты өтөгөн соң түркиялык сериалдарга тартыла баштайт. Тасма талаасында ага ийгилик алып келген "Коркунучтуу сүйүү "("Опасная любовь") сериалындагы Неджаттын образы болгон. Андан сырткары "Суу жана от", "Июнь кечтери", "Тагдыр", "Сүйүү жүрөккө чок салат" жана башка тасмаларга тартылган. Муну менен гана чектелбестен чыгарма жаратып, аларды өзү тартылган тасмаларда аткарган.

Актёрдук чеберчилиги жана мукам үнү менен мекенинде гана эмес, Германия, Франция, Орусия, Борбор Азияда да өз күйөрмандарын топтогон.

Актёр учурунда башынан нечендеген кыйынчылыктарды, түрдүү сыноолорду өткөргөн. Ошондуктан мүнөзү чыдамкай, чечкиндүү болуп калыптанып калганын актёр өзү айтып келет. "Жумуш издеп канчалаган продюсерлердин эшигин каккылагам. Азыр болсо мени тасмасына тартам деген режиссёрлор толтура, ошого кубанам", - дейт Өзжан.

Ал эми актёрдун жеке жашоосунда айтылган ушак-айыӊдарга кулак төшөсөк, Өзжан "Даӊазалуу доор" сериалында Хүрремдин ролун аткарган Мерьем Узерлиге көз арткан дешет. Ал эми актриса бул тууралуу "Өзжан экөөбүз жакын доспуз" деген жообун узаткан.

Өзжан Дениз 1991-жылы актриса Хандан Денизге үйлөнгөн. Түгөйлөр 2000-жылы ажырашып кетишкен. Кийин көп убакыт бою Фахрийе Эвжен менен сүйүү мамилесин курган. Экөөнүн тою болот деп жаткан маалда алар эки ажырым жолго түшкөнүн билдиришкен. Буга актёрдун сүйүктүүсүнүн көзүнө чөп салганы себеп болгон деген кептер айтылат.

19-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asem89
2018-05-27 01:27:47
Темада 47 жаш,ичинде 46 жаш деп турат го...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан