АКШнын Техас штатындагы мектептердин биринде ок атылып, 8 адам каза болду

АКШнын Техас штатындагы мектептердин биринде ок атылып, сегиз адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Техас штатынын Санте-Фе шаарындагы мектептердин бирине белгисиз адам кирип ок чыгарган. Андан сегиз киши каза болгон. Алынган маалыматтар боюнча, ок чыгарган адам - ошол мектептин окуучусу, 17 жаштагы өспүрүм.

Ошол аймактын полиция башчысы бул кырсыктан 10го жакын адам каза болгон болушу да ыктымал экенин басылмаларга билдирген.

Кылмышка шектүү жаран полиция тарабынан колго түшүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azatbek.Svoboda.
2018-05-19 12:27:29
Кечке эле атыша беришет экен боевик кинолорду көп көрүшөт окшойт!
0
asan.toluktuk
2018-05-20 13:34:56
8 киши мектебине суроосуз эле кирип алса. балдардын сабагына жалтоо кылып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан