Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов тергөө аяктаганга чейин камакка алынганы төгүндөлдү.
Эске салсак, буга чейин Кулматовдун тергөө аяктаганга чейин камакка алынганын SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришкен. Ал бүгүн, 21-майда саат 10до УКМКга суракка кирип кеткен.
УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов бул маалыматты четке какты. Ошондой эле учурда Кулматовдун сурак берип жатканы кошумчаланды.
Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү "коррупция" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы бүгүн, 21-майда угузулган. 19-майда Кулматовдун үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.
Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.