Кулматовго козголгон кылмыш иши - 2 миллион доллар, 104 миллион сомго курулду делген мектеп (фото)

Бажы кызматынын мурдагы башчысы, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү "коррупция" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулду.

Буга чейин маалымдалгандай, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Калыс-Ордодогу №86-мектепКулматов курулушу үчүн бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон делген №86-мектептин ачылышы өткөн жылдын 1-сентябрында болгон. Ачылыш аземге шаар башчысы Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канатбек Мүзүралиев, билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев, Биринчи Май районунун акими Аскербек Алиев жана башкалар катышкан.


Мектеп 600 орунга ылайыкташкан. Курулуш иштери Кытайдан гранттык негизде берилген каражатка 2015-жылы курулуп баштаган. Мектептин ачылыш аземинде Ибраимов кытайлык TBEA компаниясына курулушка кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирген. Ал эми шаар бюджетинин эсебинен сырткы инженердик коммуникация иштери жана электр жарыгы менен камсыздоо иштери аткарылган.

Аталган мектептин директору Саламат Көлбаева мектептин абалы жакшы экенин SUPER.KG порталына билдирди.

"Буга чейин мектептин бузулган, көчкөн жерлерин курулушту жүргүзгөн компаниянын өкүлдөрү келип оңдоп кетишти. Негизинен чоң кыйроолор болду дегенден алысмын, баары жакшы. Келишимдин негизинде курулуш иштерин аткарган компаниянын курулушчулары 3 жылга чейин кемчиликтерин өздөрү оңдоп кетишет", - деди ал.

Эске салсак, 11-майда Кубанычбек Кулматов УКМК тарабынан суракка чакырылган, эмне маселенин негизинде чакырылганы боюнча аталган мекеме комментарий берүүдөн баш тарткан. Ал эми сурактан чыккан Кулматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Суроолор ТВЕА компаниясы грант катары берген акчага салынган мектеп боюнча болду. Башка эч кандай маселе болгон жок. Берилген каражатка Калыс-Ордо конушунда мектеп салынган. Баары мыйзамдуу болгон, балдар окуусун улантууда. Кылмыш иши козголгон эмес", - деген Кулматов.

Белгилей кетсек, Калыс-Ордо жаңы конушунда курулган №86-мектепке Кытайдан алынган гранттын эсебинен 2 миллион доллар жумшалган. Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов 2 миллион доллар жетпей калып, Бишкек мэриясы 104 миллион сом бөлүп бергенин билдирген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан