"Алай" жана "Алай-2" командаларына бир нече техникалык жеңилүү эсептелип, команданын директору менен машыктыруучусу 1 жылга футболдон четтетилди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн футбол лигасы расмий сайтына жарыялады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 18-майда Футбол федерациясынын тартип боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болгон. Өлкөнүн футбол лигасы "Алай-2" клубунун оюнчусу Расулбек Ташланкуловго паспорт алып берүү тууралуу командага бир нече жолу кайрылуу жасаган. Бирок "Алай" клубу оюнчу Өзбек жараны экенин билип туруп аны Кыргыз жараны деп паспортунун көчүрмөсү жок билдиришкен.
Мындан улам команданын директору Алмаз Сулайманов жана "Алай-2" клубунун машыктыруучусу Айбек Татанов 10 миң сомдон айып салынып, 1 жылга футболдон четтетилди. Ал эми оюнчуга байланыштуу "Алай" клубуна 6, "Алай-2" командасына 1 техникалык жеңилүү эсептелген. Ошондой эле клубга 5 миң сом айып салынган.
Техникалык жеңилүү эсептелген беттештер:
1) "Алай" - "Илбирс" 07.04.2018;
2) "Абдыш-Ата" - "Алай" 15 .04.2018;
3) "Кара-Балта" - "Алай" 18.04.2018;
4) "Алай" - "Академия" 21.04.2018;
5) "Алай" - "Алгa" 28.04.2018;
6) "Нефтчи" - "Алай" 09.05.2018;
7) "Алай-2" - "Шахтер" 06.05.2018.