Чет өлкөдө жүрүп каза болуп калган Кыргыз жарандарынын сөөгүн өлкөгө алып келүү үчүн анын жакындарына 50 миң сомдон берилет. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы таратты.
Берилген маалыматка ылайык, өкмөт "Башка мамлекеттерде каза болуп калган Кыргыз жарандарынын сөөгүн өз жерине алып келүүгө жардам берүү жөнүндөгү" токтомду кабыл алды. Мындан тышкары ал төлөмдү алуу үчүн даярдоочу документтердин саны да кыскартылган.
Маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн акча каражаты анын жакындарына бардык документтер тапшырылгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде төлөнөт. Жардам берүүдө маркумдун чет өлкөдө кандай максат менен жүргөнү эске алынбайт. Жардам алуу үчүн маркумдун жакындары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматына жаран каза болгондон 3 ай өткөнгө чейин кайрылуусу зарыл.