super.kg logo

Жарнаманы ката жазгандарга айып пул салуу сунушталууда

 

Жарнаманы ката жазгандарга айып пул салуу сунушталууда. Буга байланышкан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 23-майдагы жыйынында биринчи окууда каралууда. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевдин айтымында, жарнама кыргыз, орус жана англис тилинде жазылганына карабай катасыз жазылуусу керек. Бирок биринчи орунда кыргыз тилинде жазылууга тийиш. Мыйзам долбооруна ылайык, ката жазылган жарнама үчүн жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом айып салуу каралган. Ошондой эле жарнактардын туура жазылышын көзөмөлдөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлө турганы көрсөтүлгөн.

"Төлөнүп алынган айып пулдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебине түшөт. Эгерде салынган айыпка жарнама жарыялаган адам макул болбосо, сот аркылуу чечсе болот", - деди депутат Эмил Токтошев.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(6)
23.05.2018. 11:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
03-10-2017
Соӊку аракети:
06-11-2018 09:37
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эн туура мен колдойм.
Айрыкча туштук тарапты жакшы козомол кылыш керек. Антпесе туугандар оздорунун тилинде жазып алышат.
23.05.2018. 11:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
02-11-2012
Соӊку аракети:
07-11-2018 20:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
Raimkulov123.kg,Түндүктүк туугандар деле өз тилинде жазып алышканын көрүп эле жүрөбүз. Сөз тилде эмес, грамматиканы жакшы окубаганда. Сөздүн айтылышы менен жазылышынын айырмасын билбегендер туура эмес жазып салышат урматтуу кыргызстандык тууганым.
23.05.2018. 15:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
28-02-2018
Соӊку аракети:
25-08-2018 16:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Kymyzkyz,прадавщийса требуется жазылып тургандарды коп эле кором)))
23.05.2018. 12:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
21-12-2015
Соӊку аракети:
16-11-2018 21:46
Жынысы:
Белгисиз
0
1сом аз эмеспи???жеке жактарга 10мин юридикалык жактарга 100мин салыш керек!!!ошондо баары туура болот Россиядай штрафтын санын кобойтуп салсанар!!!
23.05.2018. 13:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
748
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
16-11-2018 20:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
-1
Кээ бир мааниси туура келбеген жерде орус тилин 1-жазылуусуна уруксат берүү керек менин оюмча. М: көпчүлүк дүкөндөрдө "дүкөнү Өрүкзар магазин" ушул сыяктуу жазылган. Кыргызча окусаң да орусча окусаң да ката. Биз дүкөнү Өрүкзар эмес Өрүкзар дүкөнү деп айтабыз. Ошон үчүн мен сөзсүз биринчи кыргызча анан орусча дебей эки тилде тең жазылып эң негизгиси катасыз туура жазылсын деген талап коюлушу керек деп ойлойм.
Dalil түзөттү 2018-05-23 13:38:49
24.05.2018. 02:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
133
Катталган:
05-11-2016
Соӊку аракети:
15-11-2018 15:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмиби? Штраф салыш керек созду ката жазгандарга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117816;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: