“Бакай Банктын” Жалал-Абаддагы филиалы эң көп кардарларды тартат

“Бакай Банк” Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 20 жыл бою ийгиликтүү өнүгүп келе жатат. Бүгүнкү күндө биздин филиалдар жалпы республика боюнча көптөгөн тейлөөлөрдү көрсөтүп жатат. “Бакай Банктын” Жалал-Абаддагы филиалы аманат кассаларынын кенен жайылганы менен өзгөчөлөнөт. Анын ишмердүүлүгү тууралуу филиал башчысынын милдетин аткаруучу Таалайбек Кыргызбаев айтып берди.

- Таалайбек Нурмаматович, сизде Жалал-Абаддагы филиалдын ишин жакшыртуу боюнча кандай пландар бар?

- Биздин филиалды түштүк аймактагы рынокто эл көбүрөөк билсин деп каалап жатабыз. Биз көрсөткөн тейлөөлөрдүн тизмеси чоң, тейлөө деңгээлин жогорулатуу боюнча дайыма иш жүргүзүлөт. Жалал-Абаддагы филиал өлкөдөгү башка филиалдардай эле тейлөөлөрдү көрсөтөт. Бул насыя берүү, акча которуу, аманат, айлык акы долбоору боюнча Visacard жана Элкарт аркылуу берилет. Негизинен биздин филиал уюмдарды айлык акы долбоорлору боюнча тейлөө жана пенсия берүү менен иштейт.

- Жалал-Абад облусунда аманат кассалар тармагы канчалык жайылган?

Биздин эң көп кардарларыбыз акча которуу кызматын колдонушат. Бизде бардык системдер бар: “Золотая Корона”, Юнистрим, Contact, Лидер, Moneystream, Бакай Трансфер жана башкалар. Андан сырткары Жалал-Абаддагы филиалдын башка банктарга караганда негизги артыкчылыгы - бул жалпы облус боюнча аманат кассалардын көптүгү. Жалал-Абад облусунда 15 аманат касса бар. Алар Токтогул, Кара-Көл, Шамалды-Сай, Кербен, Ала-Бука, Кочкор-Ата, Майлуу-Сай, Массы, Базар-Коргондо жайгашкан.

- “Бакай Банкка” жаңы кардарларды кантип тартасыздар?

- Келечекте биз карызга берүүнүн жаңы түрлөрүн чыгарууну ойлоп жатабыз. Мындан тышкары насыя берүү тармагын алдыга жылдырууга ниеттенүүдөбүз. Мисалы, жайында мал багуу, айыл чарба иштери күчөйт. Биздин банк дыйкандарды колдоо максатында жеңилдетилген насыяларды берет. Башка банктарга караганда биздин филиал ыңгайлуу жайгашкан. Жалал-Абадда 150 миңге жакын адам жашайт. Ар бир уюм жана мекеме биздин банк тууралуу билет, анткени биз бардык мекемелердин жетекчилери менен жолугуп, банкыбыздын тейлөө артыкчылыктары тууралуу сүйлөшүп турабыз.

Эгер сиз "Бакай Банктын" Жалал-Абаддагы филиалына келип, тейлөөнү пайдалангыңыз келсе, иш графигин, дарегин жана телефон номерин сунуштайбыз.

"Бакай Банктын" филиалы

Жайгашкан жери: Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү (номери жок).

Телефон: 0 (3722) 2-08-40.

Иш убактысы: иш күндөрү саат 8:30дан 17:00гө чейин

“Бакай Банктын” өлкөдөгү башка филиалдарынын иш графиги менен биздин сайттан таанышып алсаңыз болот.

"Бакай Банк" ААКсы - 19 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан