Түркмөнстандын Гумдаг аймагынын тартип сакчылары бийликтен өзгөчө тапшырма алышты. Алар жергиликтүү тургундардын дааратканаларын текшерип, ал жакта түркмөн президентинин сүрөтү басылган гезиттер барбы, жокпу ошону аныктай турган болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта полиция ар бир даараткананы тыкыр текшерип жүргөнү айтылат. Эгер дааратканадагы гезиттерде президенттин сүрөтү болсо, анда үй кожоюну менен профилактикалык баарлашуу өткөрүлүп, президенттин сүрөтү бар гезитти даарат кагаз катары колдонууга болбой туурганы түшүндүрүлөт. Ошондой эле үй ээлерине расмий түрдө эскертүү берилет.
Басылманын жазганына карганда, Түркмөнстанда ар бир адамды мамлекеттик гезитке жазылууга мажбурлашат. Ошол себептен тургундарынын көпчүлүгү күн сайын мындай эскертүү алышы мүмкүн. Анткени айрым үй-бүлөлөр каражаттын тартыштыгынан улам даарат кагазга акча сарпташпайт.
Жергиликтүү тургундар болсо президент Гурбангулы Бердимухамедовдун сүрөтү бир гезитте эң аз дегенде 2-3 ирет кездешерин айтышып, бул тапшырмага таң калышкан.
Учурда даараткананы тинтүү иштери улантылып жатат. Жергиликтүү полиция таштанды салган үкөктөрдү да текшерип, ал жактан да президенттин сүрөтү бар гезиттер изделип жатканы айтылат.
Айрым маалымат булактардын жазганына караганда, мындай текшерүү биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин Дашогуз облусунун Гороглу аймагындагы мектептердин бириндеги дааратканадан президенттин сүрөтү бар гезит табылып, мындан улам мектеп директору жумуштан бошотулган.