Бүгүн этноакын Тата Улан 38 жашка толду. Ал 1980-жылы 24-майда Бишкек шаарында төрөлгөн. Ырчыны SUPER.KG порталы туулган күнү менен куттуктап байланышты.
"Туулган күн мен үчүн катардагы эле иш күндөрүнүн бири. Бүгүн эч кандай майрамдык кече деле уюштурбайм, үй-бүлөм менен болом. Буга чейин туулган күнүмдү бала кезимде эле белгилегем. Жашым өткөн сайын олуттуу деле карабай калдым", - дейт ал.
Тата Уландын балалыгы Алматыда өткөн. "Досторум "эмнеге келдиң, казак жеринде эле ырдап, иштеп жүрө бербейт белең" дешет. Бирок көкүрөктө кыргыз деген тамгалар, канымда кыргыздын каны бар. Баарын таштап Ата Журтума келе бердим", - деген ал.
Патриоттук ырларга басым жасаган этноакын Тата Улан 7-8-класста окуп жүргөндө эле текст жазып, обон чыгарып, гитара менен ырдачу. Ал Москва шаарындагы Щепкин атындагы окуу жайдын актёр жана кино факультетин аяктаган.
Окуу жайды аяктап келген жаштар үчүн Улуттук телевидениенин алдында атайын “Учур” телетеатры ачылган. Тата Улан тобу менен ошол театрда иштеп калган. Ал жерде баш-аягы 5 жыл иштеген. Ырчы "Кыргызстан", "Баары бир", "Карындаш" аттуу ырлары менен белгилүү болгон.
"Жеке жашоомду эч кимге жарыя кылбайм" деген ырчы учурда 4 баланын атасы.
24-майга карата жылнаама.