Бишкекте мектептин бүтүрүүчүлөрү бара жаткан 4 унаа жол кырсыгына кабылды

Бишкекте мектептин бүтүрүүчүлөрү бара жаткан 4 унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жол кырсыгы Бишкек шаарынын Элебесов жана Фере көчөлөрүнүн кесилишинде саат 12:30дар чамасында болгон. Анда 3 Mercedes-Benz, 1 Lexus үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп алган. Ал 4 унаанын баарынын ичинде мектепти аяктап жаткан окуучулар болгон. Жол кырсыгынан эч ким жаракат алган эмес. Учурда бул факты боюнча биздин кызматкерлер иш алып барып жатат, унаалардын баары айып аянтчасына токтотулду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.


кошулду
Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрү бара жаткан 4 унаа жол кырсыгына кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aida007
2018-05-24 14:58:04
Кудай сактаптыр дагы мына Эми балдарынарды тыйгыла!!!
+7
Boika1986
2018-05-24 15:37:06
СМИ какшап жазып жатты элего гулянкага чыкандарга чара корулот автоунаага тыю салды деп.вот мына башталды
+8
Cibek
2018-05-24 16:00:35
Абайлагылачы ДТП кырсык корсом эле журогум ооруйт атамды сузуп кетип каза болгон
+2
monster_high_98
2018-05-24 16:13:47
Кимди куноолошту билбейсин эси жок окуучулардыбы? Конул кош ата энениби,же айдоочунубу,дагы жакшы аман калышканы,
+4
Chagylgan1
2018-05-24 21:23:36
Окмот менен Билим беруу министрлиги оозу менен орок оро берет, чара корулот деп. Кана чара коргонунор?!! Журушот го шаарда жарышып окуучу балдар унаа айдап...

Колундан келеби, ошол унааларды конфискация кылып алып койгула биротоло, калган ата-эне уул-кызына унаа берээрде ойлонот. Анан ата-энелери менен мугалимдерин бир кун кечке шаарды кыдырткыла, мойнуна табличка илип туруп, ошол окуучулар менен кошо...
0
HanTegin
2018-05-25 11:34:21
Chagylgan1, мугалимдердин эмне тиешеси бар. Акчаны ата эне берсе. Мугалим тыюу салса болбой чыгып жатса
0
Chagylgan1
2018-05-24 21:25:27
За рулем жургон, айдоочу куболугу жок балдарды 1 айга камап, 10 жылга чейин машине айдоо укугунан ажыраткыла...

Мына ушундай радикалдуу кадамдарга бармайынча Окмот менен билим беруу министрлигинин айткан созунун бир тыйынчалык кадыры жок!!!

Мына Сокенин тушунда мыйзамдар кандай иштеп, ким мыйзамга баш ийип жатканынан бир "далил" жогорудагы окуя...
+1
Jelezo
2018-05-25 07:51:47
Баары чоңдордун балдары болсо керек
+2
Meni_unut
2018-05-25 13:09:40
Опкосун колуга алып алат азыркылар колу рульду кармаса эле
0
Nuri1988Elim2010
2018-05-26 11:08:44
Бизде бирда машина чыкпады.Дискотека саат 18:00 бутту мектептерде.Тынч отту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан