КҮНСЕРЕП: Жээнбековдун жарым жылы: коррупция бар, коррупционерлер жок

Бүгүн, 24-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенине бүгүн жарым жыл болду. Мамлекет башчы бул алты ай ичинде кандай көрүнүктүү иш кылды?

Коррупцияга каршы күрөш...

“Мен коррупция менен күрөштү сенден баштайм”.
Үгүт кампаниясынын жүрүшүндө Өмүрбек Бабановго айтылган Сооронбай Жээнбековдун дебат учурундагы сөзү ошол кезде кызуу талкууга алынган эле. Ага улай “Мен билген 35тей коррупционер бар. Ким, кантип байыганын жакшы билем. Коррупция менен күрөшө алам, анткени тазамын” деген болчу Жээнбеков. Президенттик шайлоо өттү, Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчылыкка келди, андан бери жарым жыл өттү, бирок “35 коррупционер” сөз бойдон гана калууда. Башкы атаандашы болгон Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иши козголгон, депутаттык мандатынан ажыратылып, өзү билдирүү тараткандай, саясаттан да биротоло кетти. Бирок козголгон кылмыш ишинин алкагында экс-депутат өлкөдөн чыгып кеткенден бери жылыш жок жана анын издөөгө жарыяланганы да айтыла элек.

“Сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдары - бул коррупция менен күрөшө турган органдар. Алар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдетин толук аткара албай жатат. Бул Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинде айтылган жана коррупцияга байланыштуу талкуу чордонун жараткан экинчи сөзү болду. Президент коррупцияга каршы күрөшүү анын мамлекет башчы катары ишиндеги эң приоритеттүү маселе экенин кайталап, күрөшкө даярдыгын билдирүү менен саясий эрки бар экенин айткан. Сынга кабылгандардын ичинен биринчи болуп “айрым кызматкерлери кол тийгистерге айланды” делген УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараев берген арызынын негизинде бошотулду. Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан Алмазбек Курманалиев, Улуттук коопсуздук кызматынан Абдил Сегизбаев, башкы прокурорлуктан Индира Жолдубаева, Ички иштер министрлигинен Улан Исраилов кетти. Сооронбай Жээнбековдун каарына кабылгандардан соттор жана Жаза аткаруу кызматынын башчысы азырынча “соо” турат.

Бул сөз жар салынгандан бери 3 ай өткөнү менен “коррупцияга малынган органдардын жетекчилерине” кылмыш иши козголгон жок. Күрөш кызматтан алуу менен гана чектелүүдө. Президент жогоруда аталган органдарды таза эмес кызматкерлерден тазалоо боюнча чукул чара көрүүнү да талап кылган. Бирок бул боюнча кандай чара көрүлгөндүгү тууралуу сөз болгон органдар тарабынан коомчулукка жарыяланган жок.

“Кадрлар баарын чечет”

Фарид Ниязов март айында президенттик аппараттын башчылыгынан кетти. Кыска убакытка Мухаммедкалый Абылгазиев ээлеген бул орун учурда бош. Ниязов Ак Үйдөн кеткенден кийин саясатта буркан-шарканга түшкөн окуялар өтө эле көп болду. Экс-президент Алмазбек Атамбаев 4 айлык тыныгуудан кийин курултайда КСДПнын төрагасы болуп шайланып, маалымат жыйында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен болгон мамилеси сууй түшкөнү ачыкка чыкты. Анда экс-президент тарабынан 3 жагдайга көңүл бурулду. Биринчиси – Бишкек ЖЭБинде орун алган өндүрүш кырсыгына Сапар Исаковдун өкмөтү эмес, Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү жооптуу болгону. Экинчиси – Асылбек Жээнбековдун депутаттык мандаты. Үчүнчүсү – Райымбек Матраимовдун “серый кардинал” аталганы жана Бажы кызматындагы коррупциялык схемаларга тиешеси бар болушу мүмкүндүгү. Маалымат жыйындан бир ай өтпөй Сапар Исаков баштаган өкмөткө Жогорку Кеңеш ишеним көрсөтпөй, отставкага кетирилди. Исаков учурда УКМКга улам сурак берүүдө жана анын аягы кандай аяктары белгисиз. Жээнбековдун “мандатымды бир гана эл алат” дегенинен кийин анын дарегине карата коомчулуктун сыны басаңдап калган, бул убактылуу болушу ыктымал. Матраимов боюнча эгерде анын коррупциялык схемаларга тиешеси бар болсо, кылмыш ишинин козголо электиги мурдагы, азыркы бийликке чоң суроо бойдон калат. Ал эми өзүнүн бул сөздөн улам сотко кайрылбагандыгы да шек жаратат. Себеби Матраимов коррупция сыяктуу оор кылмыштарга аты аралашканына эмес, кызматтан “саясий жетекчиликтин ишениминен кетти” деп алынганына байланыштуу өкмөттү сотко бергени белгилүү.

Дегеле “саясий ишенимдин” негизинде кызматтан алуу акыркы учурда көп кайталанууда. Анын бири соттордун Ак Үйдөгү айтылуу “куратору” Манасбек Арабаев болду. Бул орун да азырынча бош турат.

Элдин күткөнү эмнеде?

Алты ай ичинде ички саясат аңтар-теңтер болду, ал эми тышкы саясатта Сооронбай Жээнбеков чет өлкөгө болгон биринчи сапарын Орусияга жасады. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркия жана Бельгияга расмий сапарлары менен барды. Жакында Кытайга баруусу күтүлүп жатат. Бул визиттердин ичинен Кыргыз-Казак чек арасындагы маселенин чечилиши коомчулук тарабынан жылуу пикирлерди жаратты.

Соңку убакта ызы-чуу менен коштолгон кылмыш иштери Бишкек ЖЭБине байланыштуу гана козголгону өлкөдө башка тармакта кылмыштуулук жок калгандай туюлат. Балким, ЖЭБге байланыштуу гана кылмыш иштеринин козголушу элге ошону эле баса көрсөтүү аракети чыгар. Сооронбай Жээнбеков шайланып жатканда эле ЖЭБде авария болорун билбесе керек. Ошондуктан анын убадалары аткарылбай эле, эски досунун кадрларын жаңыга алмаштыруу менен убакыт өтүп жатат. Системде өзгөрүү, радикалдуу реформа болбосо, орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт. Атүгүл орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт деген теорема бүгүнкүгө актуалдуулугун жоготкондой. Жогорку Кеңештин депутаттары Кубанычбек Кулматов кызматынан алынары менен бажыда коррупция кайрадан башталганын айтып чыгышты. Мындан улам, орун алмаштыруудан бирөөлөрдүн капчыгында сумма өсүп баштадыбы деген суроолор келип чыгууда.

Бүгүн SUPER.KG порталы Күнсоболдо Сооронбай Жээнбеков президент болгонуна бүгүн жарым жыл болду. Кандай иштери менен журт атасы боло алат?” деген суроо салды. Анда Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова соттук реформаны ишке ашырса, Жээнбеков тарыхта каларын айтса, "Азия плюс" аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева Жээнбековдон реформалар боюнча көптү күтпөй эле койсо болорун билдирди. Жарым жыл – бул кайсы бир реформа боюнча чечкиндүү кадамдарга барууга жетиштүү убакыт. Бирок эл өзгөрүүлөрдү азырынча байкай элек...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан