Жогорку Кеӊештин 24-майдагы жыйынында унааларды каттоо мөөнөтүн жөнгө салуу жол-жоболорун жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорунда унааларды каттоо жана кайра каттоо мөөнөтү 5 күндөн 10 күнгө чейин узартуу көрсөтүлгөн.
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Айнура Туйбаеванын айтымында, мыйзам долбоору коррупциялык иштерди четтетүү, жеке жана юридикалык жактардын унаа каражаттарын өз маалында каттатуусу (кайра каттатуусу) үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.
"Азыр каттоо жана кайра каттоо мөөнөтү - 5 жумушчу күн. Бирок 5 күндө унаа ээлери жетишпей калган учурлар болуп жатат. Анткени айрым жумушчу күндөр майрамга туура келип калганда убакыт өтүп кетип жатат. Ошондуктан 10 күнгө жылдырууну сунуш кылуудабыз", - деп түшүндүргөн Туйбаева.
Сатып алынган унаалар 10 күндүн аралыгында каттоого алынбаса, жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 2 миң сом айып салынат. Туйбаеванын белгилешинче, учурда каттоого алынган унаалардын саны 1 миллион 200 миңди түзөт.