super.kg logo

Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды

 

Бажы кызматынын мурдагы башчысы, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш ишинин алкагында анын мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Кулматовго 18-май күнү "коррупция" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган.

Буга чейин маалымдалгандай, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

11-майда Кубанычбек Кулматов УКМК тарабынан суракка чакырылган, эмне маселенин негизинде чакырылганы боюнча аталган мекеме комментарий берүүдөн баш тарткан. Ал эми сурактан чыккан Кулматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Суроолор ТВЕА компаниясы грант катары берген акчага салынган мектеп боюнча болду. Башка эч кандай маселе болгон жок. Берилген каражатка Калыс-Ордо конушунда мектеп салынган. Баары мыйзамдуу болгон, балдар окуусун улантууда. Кылмыш иши козголгон эмес", - деген Кулматов.

Белгилей кетсек, Калыс-Ордо жаңы конушунда курулган №86-мектепке Кытайдан алынган гранттын эсебинен 2 миллион доллар жумшалган. Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов 2 миллион доллар жетпей калып, Бишкек мэриясы 104 миллион сом бөлүп бергенин билдирген.


кошулду


 
 Тектеш кабарлар 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(20)
25.05.2018. 10:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
07-05-2018
Соӊку аракети:
24-09-2018 16:05
Жынысы:
Белгисиз
+30
Туура жегенби куссун, тиги Раим миллион деген качан кусат!
25.05.2018. 10:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
316
Катталган:
13-09-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 06:46
Жынысы:
Белгисиз
+20
Жегендердин баарын кустуруп тиги кытайдан алган карызга беришсин
25.05.2018. 10:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
05-03-2018
Соӊку аракети:
24-09-2018 22:11
Жынысы:
Белгисиз
+10
Соонун болуптур . Кыргыз Орус онуктуруу фондунда директор болуп турганда 10 мин $ айлык алчу . Кыргызстанда 10 мин $ айлык барбы ?
25.05.2018. 11:08 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
207
Катталган:
31-03-2018
Соӊку аракети:
09-08-2018 19:33
Жынысы:
Белгисиз
+12
States, 15 мин доллар алчу ар ай сайын...
25.05.2018. 10:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
02-01-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 11:28
Жынысы:
Белгисиз
+10
Баарынын эле мүлкүн алыш керек камакка, бир гана Атамбаевтин адамдарынын эмес
25.05.2018. 10:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
24-09-2018 01:56
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат эке Жээнбеков.Ушундай иш жузундо коргозуп турса...Эми Раим миллион Бишкектин мэрин дагы ж.б байлыгын камакка алып мамлекеттин казынансын толтуруш керек.Азыркы заманда айлыкка жашап байыгандар жокко эсе.А булар сраз эле байып жатып калышат
25.05.2018. 10:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
133
Катталган:
25-04-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 21:15
Жынысы:
Белгисиз
+5
жакында Китти кармашат
25.05.2018. 10:47 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
238
Катталган:
06-12-2017
Соӊку аракети:
30-05-2018 19:39
Жынысы:
Белгисиз
+4
didu, ашаныбы
25.05.2018. 10:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 14:31
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бажыны тазалап кустургула Кыргызстандын жарым акчасын ошолор жешкен Раим миллиондун ала-арчада салып жаткан уйуну корсонор чинониктердин баарыны камап салгынар келет
25.05.2018. 11:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
18-10-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 21:13
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми мунун мүлкүн дагы бирөөң жеп кетпегиле
25.05.2018. 11:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
02-05-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 13:54
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшы , Бабанов билгендей эле качыптыр. Президент көп сырларды билет окшойт , баарын тазалап , жегендерин төлөтсүн.
25.05.2018. 12:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 22:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+7
Жегенинин баарын сыгып мамлекеттин карызынан кутулгула, буга окшогондор толтура, ошонун баарын сыгыш керек.
25.05.2018. 14:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
31-10-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 10:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+6
Ушуга окшогондордон 7,8 ин кармаса карызыбыздан кутулат элек Кыргыз эли.
25.05.2018. 14:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
23-04-2018
Соӊку аракети:
09-09-2018 14:37
Жынысы:
Белгисиз
+5
"Жегендин кусмайы бар"деген соз ушуларга тиешелуу болот
25.05.2018. 16:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
21-09-2014
Соӊку аракети:
03-08-2018 20:06
Жынысы:
Белгисиз
+3
чындык баарына бирдей болууу керек. Райим Миллионду качан камап, мулкун арест кылууу керек! !!!!
25.05.2018. 17:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
08-10-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 20:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жеген ичкендерин кустургула. Жанар Акаев Кулматовко болушуп дагы билдирүү менен чыга калса керек.
25.05.2018. 21:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
432
Катталган:
17-10-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 13:28
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул АШАнын кошелекторунун бири да. 400 мин доллар пара берип АШАга ишке келген 2010 жылы эле. Мына эн негизги коррупционерлердин бири!ОШондон бери бул 'тарыхчы' коррупционер бут тармакта иштеди. Бажычы, банкир да боло калды. АШАнын коррупционер колтукташ кадры!
25.05.2018. 22:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 12:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жегени учун тергоодо бул саясат эмес
26.05.2018. 08:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
07-02-2018
Соӊку аракети:
16-08-2018 11:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
мадумаровдун сөзү чында бирда коррупциянер бир сом акча куспады ушул күнгө чейин
26.05.2018. 16:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
157
Катталган:
25-04-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 11:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жегиле ичкиле ысырап кылбагыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114638;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: