Ысык-Көл облусунун бир катар райондорунда калың жааган кардан улам 1 миң 17 кой, 42 уй жана 19 жылкы өлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди.
"Тору-Айгыр айыл өкмөтү боюнча 38 уй, 9 жылкы жана 373 кой кардын алдында калган. Ал эми Тамчы айыл өкмөтү боюнча 400 кой, 4 уй, 5 жылкы кар алдында калган. Ошондой эле Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү боюнча 11 чабан жабыркап, 200 кой, 2 жылкы жана 3 кулун кар алдында калган. Учурда Ысык-Көл району боюнча баары биригип 1 миң 17 кой, 42 уй жана 19 жылкы өлдү. Азыркы тапта жайыт менен жайлоодо калган мал-жандыктардын так саны такталууда", - дейт аким.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча берген маалыматында, калың жааган кардан Чырпыкты айылынын Чырпыкты жайлоосуна баруучу жол жабылып калган. Ал жолду тазалоо иши бүгүн, 25-май күнү жүргүзүлөрү айтылат.