super.kg logo

Ишкер: "Өкмөт музейге эмерек жасап бер деп буюртма берсе, сыймыктануу менен арзан эле жасап бермекпиз. Мисалы, отургучту 3 миң сомдон"

 
Тарых музейине алынган 100 миң сомдук отургуч
Кыргыз өлкөсүндө жасалган отургучтар. Баалары 2 миң сом

Бүгүн, 25-майда "Ата Мекен" фракциясы Тарых музейинин курулушунун жүрүшү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Көчмө жыйын учурунда кофе, чай ичип отуруучу отургучтардын ар биринин баасы 100 миң сомдон сатылып алынганы айтылды. Эмеректер музейге германиялык "Vitrinen und Glasbau REIER" компаниясы тарабынан алынып келген. Мындан улам SUPER.KG порталы Бишкектеги ата мекендик өндүрүштөгү эмеректердин баасына кызыгып көрдү. Мындай эмеректерди биздин усталар жасай алат беле деген сурообузга эмерек цехин иштеткен ишкер Замир Айылчиев жооп берди.

Мен отургучтан 100 миң сомдук эч нерсе көрө алган жокмун. Отургучтардын мындай кымбат болуусу жомокто гана кездешиши мүмкүн. Биз жасаган отургучтардын максималдуу баасы 2 жарым миң сомду же такыр болбосо 3 миң сомду түзөт. Ал эми музейдеги отургучтан артыкчылык катары эч нерсени байкаган жокмун. Эгер ал жаңгактын жыгачынан жасалып келсе, баасы бир азга кымбат болот эле, бирок бул чылгый эле темирден жасалганы байкалып турбайбы", - деди ал.

Ишкер өзүнүн менчик ишканасында жогорудагыдай отургучтар болгону 2 миңге жетпеген баада сатылса, өтө эле шөкөттөлүп, кездемеси Түркиядан алып келинип, кардардын көптөгөн каалоосуна жараша жасалган учурда гана 5 миң сомго чейин сата турганын кошумчалады.

"Мен ишим боюнча чет өлкөгө көп чыккам. Ал жакта деле баасы кымбаттары бар. Бирок алар Тарых музейине алынган отургучтардай эмес, такыр башкача. Негизи өкмөт ошондой эмеректерди жасап берүүнү кыргыз ишкерлерине буюртма берсе кубанмакпыз. Мисалы, мага буюртма бериле турган болсо, сыймыктанып гана арзан баада сапаттуу жасап бермекмин. Ошондуктан мен отургучтардын сүрөтүн көрүп, ага коротулган акча сол чөнтөккө кеткенин айтып турат деп ойлодум. Ошол эле музейдеги эмеректердин баарын жасаганга Кыргыз өлкөсүндөгү усталардын кудурети жетмек ", - деди ишкер.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(31)
25.05.2018. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
22-07-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:39
Жынысы:
Белгисиз
+22
Кайран элим, качан бактың ачылат???
25.05.2018. 20:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
634
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:06
Жынысы:
Белгисиз
+21
Соз жок да байке буларга.Оюнун баары акча болуп калган булардын.Окуп алып менин нервим чыдабай кетип атат.Акча дегенде ата-энесин дагы сатып ийет биздин чондорубуз
25.05.2018. 20:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:14
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кайран гана 7-апрелде окко учкан 87 баатырлар... Силер ушулар жесин деп жанырды бердинер беле???
Ошол 87 эр-азаматтардын арбактары уктатпасын паракорлорду...
25.05.2018. 20:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:14
Жынысы:
Белгисиз
+28
Окуп алып келинчегимди козго илбей согундум!!! Мен 7500 сом айлык маяна учун 1 айда 23 кун иштейм мугалим болуп! А булардын кылгандары болсо бул - 14 000 еврого муляж ат сатып алышат. Кок борунун кыйын аттары керек болсо 14000 евро турбайт!!!
25.05.2018. 20:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
466
Катталган:
17-03-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:22
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кудайды караса болмок акмактар!!!Эми ушуга тийешеси бар эшектер реальный тюремный срок алышпаса анда азыркы бийликтин алсыздыгы деп бааласа болот.оор кылмыш болгону ачык эле корунуп турат.
25.05.2018. 21:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
04-12-2014
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кетмен-Тобо ороону
+5
Echkim echnerse kyla albait buga eskisida janysyda arlashkan soz jok el yryskysyn uurdagandarga.
25.05.2018. 21:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
240
Катталган:
13-05-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:17
Жынысы:
Белгисиз
+8
.андондор кудай урсун акмактар 10мин сом дебейсинерби ушунча да нысапсыз болосунарбы.Келгиле элим озубуз эле жазалайлы бул акмактарды ,мага корсоткуло акмакты тируулой эле комуп салайын 1 жегичти азайтып
25.05.2018. 21:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+18
Коррупционерлерге өлүм жазасын киргизүү керек болуп калды.
25.05.2018. 21:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
518
Катталган:
13-03-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:33
Жынысы:
Белгисиз
+8
Dalil,мен да ошентип жазайын деп аткам
25.05.2018. 21:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
29-10-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:40
Жынысы:
Белгисиз
+5
9 мин сомдук кочот 600 доллар кычкач 100 мин сом стул 15 000 доллар камера... эсен эле болгулачыы...
25.05.2018. 21:57 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
28-07-2017
Соӊку аракети:
27-06-2018 17:30
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул музейби же кафеби?!! Туристтер тыштан кофе-чай иче берет конулуно туура келген ресторан-кафеде.

Ал эми музейде чай-кофеге, диван, кресло, стол-стулга балээ барбы?!!

Ошону тушундуруп берээр бироо жарым барбы?!!

Мен бир нече ирет болгом Тарых музейинде. Ал музей тарых менен таанышуу бурчу, экспонат ж.б.орун алган. Болбой эле бара жатса уч этаждын ар бирине 2ден диван коюп койсо жетет ашыгы менен. 300-500$лык дивандан 6ны. Болгону 2000-3000$ кетмек.
25.05.2018. 22:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
01-12-2014
Соӊку аракети:
25-09-2018 20:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Булар жакында бизди инсульт кылып олтуро турган болушту го.Акча жебей бок эле жеп калсанар гана.Озу булар арзанырак бир нерсе билишеби.
25.05.2018. 22:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
863
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:35
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул стулга ким буюртма берип,алдырган болсо ошол адамдын мал-мулкун автоматтык турдо мамлекетке откоруп ,озуну камоо керек!!! Буларды эле эмес отконку 600$ кычкач алгандар не болду ошолорду да камоо керек!!! Мыйзам дегенде тууган-уругуна карабаган Курманжан Даткадай эл башчылары керек!!! Азыркы эл башкарып отургандар Курманжан Датка энебиздин баскан изине да окшобойт!!!
26.05.2018. 08:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
256
Катталган:
24-09-2015
Соӊку аракети:
24-09-2018 22:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Pandora,биринин артынан бири чыгып олтуруп былыктары 600$ эстен чыгып кетет
25.05.2018. 23:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1216
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 20:45
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сооронбай Жээнбеков ушул жерде бир кучунду корсотпосон эл сизге нааразы болот, сол чонтокко сологондорду таап жазалоонуз керек.
25.05.2018. 23:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 22:24
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир кычкач 600$,бир кочотун 9000 сом,аттын жон эле солокоту миллион ашык,тируу атында миллион турбайтко,стул жуз мин даанасы кызыктар дагы алдыда,уйронуп алышты
26.05.2018. 00:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
17-03-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:16
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен жеке ишкермин мен тарых музейи учун акысыз эле сапаттуу кылып жасатып бермекмин бюджет эконом болмок
26.05.2018. 04:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-балта.
+3
Мыйзамдаштырып жеп атышкан турбайбы!Биздин чоңдорго сөз өтпөй калды го. Жей берип эч нерсе сезбей калышты.Сүйлөп кала берет деген экенда.Мындан кийин Шайлоо өткөрбөй эле койгулачы,элге эч кандай деле пайдасы жок экен силердей жегичтерден.
Биз 10 000 сом үчүн канча иштейбиз.Булар жатып алып эле таап коет тура элдин эсебинен кредит алып жыргап санаа деген жок.
26.05.2018. 08:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
450
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде деле мыкты эмеректер чыгат, баасы 50эсе арзан. Бул билинип калгандары, билинбей олко б-ча жеп аткандар канча.Атамбаев 6жыл бою кошоруп бизде корруп.жок деп келбедиби."Эл аралык уюмдар калп айтышат"дегеничи, куйгузот да.
26.05.2018. 08:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
31-08-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 09:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле туура айтат,эмнеге оз олкобуздон заказ берип жасатышпайт,созсуз эле чет олкодон алып келиш керекпи,бизден жасалган эмеректер деле сапаттуу Жана арзан,озун каалагандай чыкыйтып жасап беришетго
26.05.2018. 10:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
09-08-2018 08:51
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куудулдарга жаңы снерий.
26.05.2018. 10:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
21-04-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол ким алса ким ошол жака тиешеси болсо мандайына отургузуп алып тилде десе ушундай бир ашатат элемда жаман тилденип атам
26.05.2018. 10:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
17-11-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 20:29
Жынысы:
Белгисиз
+5
Самара Каримова да бекеринен музейге директор болом деп чыкпаганда.эң майлуу орун экен го музей
26.05.2018. 11:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+3
Тарых музейинде эң кымбат экспонат катары тарыхта кала турган болду. Стулдардан да бирди коюп коюшсун. А баса ТЭЦтеги аттишти менен камераны жана бир көчөт ошонун баарын катар кылып тизип коюшсун. Атамбаевдин мезгилиден эстелик. Бул жерде тарых жазылып жатат. Буга чейин мындай кымбат экспонат сатып алганы эч кимдин духу жеткен эмес. Көч бара-бара түзөлөт деп отуруп түзөлбөй эле чалкасынан кетиптир.
26.05.2018. 11:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 16:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
РФнын Транспорт министри жолго тошолгон асфальттан эки сантиметр, казактыкы беш сантиметр жептир. Аны коргон кыргыздын министри жоодун тен жарымын жеп коюптур деген анегдот бар го
26.05.2018. 12:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
10-09-2012
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран гана мурдуңа ХХХХ сүйкөгөн Кыргыз...
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-26 15:56:38
26.05.2018. 12:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
10-09-2012
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуларды көрүп дагы биз Кыргыздар эсибизге келбейбиз.Айииий деп коёбуз,бүттү ошо менен.Баардык жердин башчылары элинин пейилине жараша.Демек өзүбүз күнөөлүбүз.
26.05.2018. 20:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
08-10-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 20:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарых музейине коротулган акча каражаты боюнча тыкыр иликтеп чыгып ким канча жеген болсо баарын кустуруш керек! 1миллиард 500 миллион сом аябай көп акча.
27.05.2018. 15:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
30-08-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 17:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба, козумдон жаш айланды.Мынтип ачык талап тоноп турсак качан биз да жетишип эл катары тентибей жашайбыз.
27.05.2018. 16:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
30-08-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 17:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгемендуулукко жеттик деп чыгым кылып майрамдайбыз.Эмне Россияга багынып жашап келдикпи?Россия ээ болгон укукка биз да, эге болуп жашап келдик.Биз болунбой кайта бироонун айтканы менен жашаганыбыз он болмок.Ушуга окшогон жеп жутаарларга кор болбой.
27.05.2018. 17:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
31-10-2014
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:18
Жынысы:
Белгисиз
0
600$кычкач.9000сомдук кочот.15000$камера мына сага 100 000сомдук стол стул. Булардын баары С.Жеенбековдук коз алдында алынып атпайбы.Атамбаевдин кандай тиешеси бар ошондо!Жеенбеков куноолу ушуларды текшербейби!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: