Жакыпбек Байымбетов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалды.
Аталган буйрукка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
Президенттин буйругуна ылайык, Байымбетов УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болду.
Буга чейин аталган кызматта учурдагы УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов эмгектенип келген.