Дүйнөлүк футбол жылдызы, испаниялык "Реал Мадрид" клубунун жана Португалиянын улуттук курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду карьерасын жыйынтыктаган соң эмне менен алек болорун айтты. Анын испаниялык El Chiringuito de Jugones аттуу телекомпанияга берген маегинде, карьерасын аяктаган соң өзүн кино тармагында сынап көрөрүн айткан.
"Менде ар түрдүү идеялар болуп жатат. Негизинен алганда, мен өзүмдү актёр катары сынап көргүм келет. Албетте, бул тармакта менин тажрыйбам болбогон соң экинчи даражадагы ролдорду жаратам. Менин буга чейин жарнамаларга тартылганым аз да болсо тажрыйба болуп бере алат. Жалпылап алганда видеого түшкөн мага абдан жагат. Мен англисче, португалча жана испанча эркин баарлаша алам", - деп айтат футбол жылдызы.
Эске салсак, Криштиану Роналду быйыл 33 жашка толот. Ал буга чейин футболдогу карьерасын 41 жашка чыккандан кийин жыйынтыктарын айткан.